akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-15-04, 13:02

    Быйыл үч айда чет жакка 96 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

    Быйыл үч айда чет жакка 96 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди. 

    Чет жакка жашылчалардан (картошканы кошпогондо) 24,9 миң тонна сатылган. Анын ичинен: капуста – 13,7 миң тонна, сабиз – 3,4 миң тонна, пияз – 1 миң тонна, сарымсак – 141,4 тонна. 

    Аны менен бирге 12,4 миң тонна төө буурчак, 15,3 миң тонна картошка, 8,7 миң тонна жаңгак, 13,6 миң тонна жемиш, 6,9 миң тонна кургатылган жемиш, 34,3 тонна кургатылган жашылча сатылган. 

    Ошондой эле жалпы 5,7 миллион көчөт экспорттолгон. Анын ичинен:

    • гүл көчөттөрү – 4,9 млн даана,
    • мөмөлүү көчөттөр – 697 миң даана,
    • декоративдүү көчөттөр – 78 миң даана.

    Тектеш материалды окуу