akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-17-04, 12:24

    Айыл чарба министри: Ар бир айыл аймакта заманбап касапкана болушу керек

    Талас облусунун Чоң-Алыш айыл аймагында касапкана ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди. 

    Анын ачылышына катышкан министр Бакыт Төрөбаев ар бир айыл аймакта заманбап касапкана болушу керектигин айткан. 

    "Себеби санитардык-ветеринардык талаптар сакталып, азык-түлүк коопсуздугуна болгон жоопкерчилик жогорулап, элибиз таза эт менен камсыздалат. Бул улутубуздун саламаттыгы үчүн аба-суудай керек. Ошондой эле жумуш орундары түзүлүп, өлкөбүздүн экономикасына салым болот. Союлган малдын териси жараксыз болбой, кайра иштетилип элибизге кирише берет", – дейт Төрөбаев.

    Касапкананы жеке ишкер 2 млн сомго салган. Ишканада жергиликтүү тургундар иштейт.


    Тектеш материалды окуу