Жарыяланган
2025-15-04, 11:42Нурлан Жумаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жумаевди эмгек жамаатына министр Бакыт Төрөбаев тааныштырган.
Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган. Анын эки жогорку билими бар. Казак айыл чарба институтун, кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.
Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ.
2002-жылдан баштап ар кандай түзүмдөрдө жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), Токой мамлекеттик кызматында, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).
2010- жылы президенттин администрациясынын жана өкмөттүн аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана агроөнөр жай комплекси маселелери боюнча эксперт катары иштеген.
2015-2021- жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.
2021-2024-жылдары Айыл чарба министрлигинин токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024-жылдын март айынан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жаткан.