akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-04, 14:37

    Министрлик: Өлкөгө фитосанитардык текшерүүдөн өткөн картошка гана киргизилет

    Кыргызстанга чек жактан импорттолгон картошка чек арадан өтүп жатканда сөзсүз түрдө фитосанитардык текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги билдирди.

    Текшерүүнү Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери жүргүзөт. 

    "Ар бир партиядан өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясына жана токсикологиялык лабораторияларга үлгүлөр алынып, аларда карантиндик зыяндуу организмдердин жана зыяндуу заттардын (пестициддер, нитраттар ж.б.) бар-жогу текшерилет. Лабораториялык жыйынтыктары таза чыккан учурда гана продукция өлкө аймагына киргизилет", - деп айтылат маалыматта. 

    Белгилей кетсек, министрликтин маалыматы боюнча жыл башына бери Кыргызстан Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнө 17 миң тоннадан ашык картошка саткан.

    Ошол эле учурда Кыргызстан Кытай, Монголия, Пакистан, Нидерланд жана Германиядан картошка импорттогон.


    Тектеш материалды окуу