Жарыяланган
2025-24-04, 10:56Кыргызстанда январь-март айларынын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 13.1%ды түздү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында экономика жана коммерция минстри Бакыт Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, акыркы үч жылда өлкөнүн экономикасынын өсүшү 9%ды түздү.
"Бул — министрлер кабинетинин, өлкө жетекчилигинин системалык ишинин натыйжасы. Экономикалык жана мамлекеттик системаларды модернизациялоо, радикалдык жана сезилерлик реформалардан баштап өлкө боюнча конкреттүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга чейинки жумуштар аткарылып, ошонун натыйжасында акыркы үч жылда 9%, быйыл биринчи кварталда 13.1% эконмикалык өсүш болду", - деди ал.