Жарыяланган
2025-23-04, 15:30Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханджеза Кыргызстанда эттин баасынын кымбаттаганы боюнча маселе көтөрдү.
Ханджезанын айтымында, эки күн мурда ал дүкөндө жүргөндө, ага бир жаран кайрылган. Ал этттин баасы 800-900 сом болгонун айтып, бул маселени парламентте да көтөрүүнү суранган.
Депутат президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, аталган маселени карап чыгууну өтүндү.