Жарыяланган
2024-11-10, 11:58Бишкектин базарларында этти өз баасында саткан аянтчалар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Эттин баасын турукташтыруунун алкагында Бишкектеги азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы этин социалдык аянчалардан сатып алуу пункттары ачылды.
"Бул жерде эт ортомчусуз, дыйкандардын баасында сатылат", - деп айтылат маалыматта.