Жарыяланган
2025-18-02, 09:50Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу аяктады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эске салгандай, өткөн жылдын 15-сентябрынан 2025-жылдын 15-февралына чейин өлкөнүн аймактарында кара отундун максималдуу баасы белгиленген.
Бул убакыт аралыгында мекеме көмүрдүн баасы тийиштүү деңгээлде сакталып жатканын көзөмөлдөп турду.
Мындан сырткары соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.