akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-05-02, 08:42

    Кыргызстанда эт жана картошканын баасы бир жума ичинде турукташат

    Кыргызстанда эт жана картошканын баасы бир жума ичинде турукташат. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Айбек Мамыралиев билдирди.

    Анын айтымында, эттин баасынын кымбатташына малдын экспорту өскөнү себеп болгон. Мындан улам, мал-жандыкты сыртка чыгарууга тыюу салынды.

    Ал эми картошканын импорту чектелип, дыйкандар сыртка сатууну көздөгөндүктөн, жетишсиздик катталды. Учурда азыкты башка аймактардан ташуу жолдору каралууда.

    Бул чечимдер бир жума ичинде абалды жөнгө салат деп күтүлүүдө. 


    Тектеш материалды окуу