Жарыяланган
2025-22-04, 18:23Кыргызстанда жаңы "Крипта Азия" аттуу компания түзүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтында айтылат.
Компаниянын түзүүчүсү жана директору катары Жапаров Акылбек Үсөнбекович көрсөтүлгөн. Анын аты-жөнү Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысыныкы менен толук дал келет.
Аталышына караганда бул компания криптовалюта менен иштеши мүмкүн.
"Крипта Азия" жакында эле, 9-апрелде каттоодон өткөн.