akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right

    Министрлер кабинети: КОӨФ Кыргызстандын ИДПсын 30 млрд долларга жеткирүүдө маанилүү ролду ойнойт

    3-декабрда Бишкекте Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун (КОӨФ) 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул маараке фонддун акыркы он жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган жана келечекке жаңы стратегиялык багыттарды белгилеген маанилүү окуя болду. 

    Фонддун ролу 

    Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2014-жылы негизделген, Кыргызстандын экономикалык интеграциясын жана туруктуу өнүгүүсүн колдоо куралы катары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө фонд өлкөнүн каржы рыногунун эң ири инвестору бойдон калууда, он жыл ичинде фонд республиканын бардык аймактарында 3 миң 500дөн ашык долбоорду каржылап, он миңдеген жумушчу орундарын түздү жана өлкөнүн ИДПсына олуттуу салым кошту.

    КОӨФ ири эл аралык инвестор 

    Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстанда иш алып барган эл аралык каржы уюмдарынын арасында алдыңкы орунду ээлейт. 2015-жылдан 2024-жылга чейин фонд тарабынан 638,2 миллион доллар инвестицияланган, бул эл аралык каржы уюмдарынын өлкөгө тартылган жалпы инвестицияларынын 66,2%ын түзөт. Бул каражаттар Чүй облусунда цемент заводун, Ысык-Көл облусунда ГЭСтерди жана бир катар өндүрүштүк объектилерди куруу сыяктуу көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырууга негиз болду.

    КОӨФ менен катар эле Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), АӨБ, IFC жана башка эл аралык каржы институттары олуттуу салым кошушкан. Бирок КОӨФ экономикалык прогресстин негизги кыймылдаткычы жана Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестициянын эң маанилүү булагы бойдон калууда.

    КОӨФ Башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков белгилегендей, дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу үчүн фонд 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн бир нече приоритеттүү багыттарын белгилеген.

    “Негизги багыттардын бири жашыл экономиканы жана кайра жаралуучу энергияны колдоо болот. Көмүр кычкыл газынын чыгышын 2 миллион тоннага азайтууга мүмкүндүк берүүчү ГЭСтерди жана күн электр станцияларын куруу долбоорлоруна 50 миллион доллардан ашык инвестиция салуу пландалууда. Бул Париж келишими боюнча Кыргызстандын милдеттенмелеринин 13%га жакынын түзөт”, - деди фонддун жетекчиси. 

    Социалдык өнүктүрүүгө жана компетенцияларды колдоого өзгөчө көңүл бурулат. КОӨФ жыл сайын кирешесинин кеминде 1%ын социалдык демилгелерге жумшап, экономикалык өсүшкө гана эмес, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга да салым кошууну пландаштырууда.

    Логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү дагы маанилүү артыкчылык болуп калууда. Продукцияны чогултуу, сактоо жана сертификациялоо маселелерине көңүл буруу менен фонд өлкөнүн экспорттук потенциалын бир топ жогорулатууну көздөп жатат. Экспорт 2027-жылы 300 миллион долларга өсүп, 2030-жылы 500 миллион долларга жетет деп күтүлүүдө.

    "КОӨФ Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте Кыргызстандын фондулук рыногун модернизациялоону пландаштырууда. Бул аракеттер 400 миллион долларга чейин ички инвестицияны тартууга жана туруктуу экономикалык өсүш үчүн негиз түзө турган ички инвесторлордун классын түзүүгө жардам берет", - деди ал.

    Жаңы инвестицияларды тартуу фонддун стратегиясынын маанилүү бөлүгү болот.

    Инвестициялардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, аны 1 миллиард долларга жеткирүү пландаштырылууда, болжолдор боюнча, өлкөнүн ИДПсы 3 доллардан кем эмес көбөйөт, бул Кыргызстандын экономикасынын тез өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
    Иш-чарада сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн акыркы үч жылдагы жетишкендиктерин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүгө умтулууда.

    "Бул амбициялуу максатка жетүү үчүн Кыргызстан олуттуу инвестицияларды тартууну жана экономиканы масштабдуу модернизациялоону пландаштырууда. Бул процессте КОӨФ маанилүү ролду ойнойт, ал энергиянын кайра жаралуучу булактары, өндүрүш кластерлери, соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана айыл чарбасындагы инновациялар сыяктуу приоритеттүү секторлордогу долбоорлорду каржылоого басым жасайт", - деди ал.


    Тектеш материалды окуу