akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-28-11, 13:01

    Айнура Ибраева: юристтик кесибимди өзгөртүп, жеке мейманканамды ачтым

    Кыргызстанда туризм өнүгүүдө, муну менен катар улуттук каада-салт менен маданиятка болгон сүйүү айкалышкан уникалдуу долбоорлор пайда болууда. Мындай мисалдардын бири бир нече жыл мурун ачылган, бирок Кыргызстандан эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин арасында белгилүү болгон “Отел 78”. Мейманкананын ээси Айнура Ибраева, билими боюнча юрист жана менеджер, ал республиканын туризм тармагын өнүктүрүүнү, акча табуу үчүн гана эмес, заманбап туризм идеясын өзгөртүүнү каалаган. Ишкер “Акчабарга” мейманкана бизнесинин кыйынчылыктары, кызыктуу учурлары жана Европа өнүктүрүү банкынын долбооруна кантип катышып калганы тууралуу айтып берди.

    — Айнура, мейманканаңыз тууралуу айтып берсеңиз. Аны качан ачтыңыз жана бул идея кантип пайда болду? 

    — Биз жер тилкесин 2019-жылы эле сатып алганбыз, бирок пандемияга байланыштуу отелди 2022-жылдын февраль айында гана ачтык. Учурда 32 бөлмөбүз бар, жатакана жана тамак-аш кызматтарын көрсөтөбүз, 70 орундуу кофе ичүүчү жайыбыз бар. Мейманканада мончо, конференц-зал жана жыйындар залы бар, конокторго ар кандай кошумча кызматтар көрсөтүлөт. Мен адистигим боюнча юристмин жана менеджмент боюнча да билимим бар. Мейманкана бизнесин кокустан баштаган жокмун, жолдошум экөөбүз ушул шаарда туулуп, өскөнбүз жана шаардын, анын жаштарынын өнүгүшүнө салым кошкубуз келди. Биздин мейманкана ушундайча пайда болгон. Бардык социалдык жоопкерчиликтүү бизнес сыяктуу эле, биз адамдарга кам көрүүгө аракет кылабыз. Мисалы, мейманканабыздын ачылышында Каракол шаарына тез жардам унаасын белек кылдык. Мен бир адамдын өмүрү сакталса, бул бардык убадалардан кымбат экенине ишенем.

    — Буга чейин башка иш менен алектенгениңизди эске алганда, мейманкана бизнеси менен алектенүү кыйын болгон жокпу?

    — Меймандостук биздин каныбызда бар. Кыргыздар, өзгөчө Караколдуктар абдан меймандос. Биз үчүн мейманкананын коноктору үйдөгү коноктой. Бирок, албетте, кыйынчылыксыз болбойт. Бул биздин мейманкана индустриясындагы биринчи долбоор жана биз нөлдөн баштап көп нерсени үйрөнүшүбүз керек болчу. Мен кыргызмын жана заманбап тенденцияларга карабастан, улутум менин бир бөлүгүм. Мен биздин өлкө көчмөндөр гана эмес, каада-салтты заманбап тенденциялар менен айкалыштыра билген чыгармачыл адамдар экенин көрсөткүм келди. Эгерде сиз өз бизнесиңизди сүйүп, киреше алууну гана ойлобостон, ага жаныңызды салсаңыз, анда бардык оюңуз ишке ашып, баары татыктуу бааланат.

    — Караколду кышкы туризмдин борбору дешет. Бул чынбы?

    — Каракол жыл бою иштей турган туристтик борбор. Кышкы сезондо лыжа, сноуборд ж.б. популярдуу, бирок жайкысын да бизде туристтер көп болот. Майдан сентябрга чейин туристтер тоого чыгуу (хайкинг) үчүн келишет. Кыш мезгили адатта биринчи кар менен башталат - декабрдын башынан февралдын аягына чейин созулат. Биз кышка олуттуу даярданып жатабыз - күзүндө оңдоо иштерин жүргүзөбүз, интерьерди жана жасалгаларды жакшыртабыз, баары эң жогорку деңгээлде. Кышында эл негизинен КМШнын бардык аймактарынан келишет. Биз карга абдан көз карандыбыз, ошондуктан жылуулук бизге терс таасирин тийгизет.

    — Жай жана кыш мезгилинде иштөөнүн кандай айырмасы бар?

    - Бир аз айырмачылыктары бар. Кышында бут кийимди кургатуу сыяктуу кошумча кызматтарды көрсөтөбүз. Кышында меню өзгөрөт - эртең менен швед столу жайылып, анда көбүрөөк ысык тамактар берилет.  

    — Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн эмне кылуу керек?

    — Инфраструктураны өнүктүрүү. Жолдорду жакшыртуу жана трансферлерди ыңгайлуу кылуу маанилүү. Учурда жаңы аэропорт курулуп жатат - бул өзү чоң кадам.

    — Акыркы бир нече жылдын ичинде кызыктуу же күлкүлүү окуялар болдубу?

    — Андай учурлар көп болот, ар бир күн жаңы жана таң калыштуу окуялар менен коштолот. Мен бул окуяларды жазууну чечип, балким, келечекте аларды китеп кылып чыгарармын – азырынча аларды өзүм үчүн гана жазам, мен аны “Отельчинин каты” деп атадым. Бизде күлкүлүү жана күтүлбөгөн жагдайлар көп, бирок меймандардын купуялуулугу биз үчүн өтө маанилүү, ошондуктан мен конкреттүү окуяны айта албайм. Бирок, мындай жазуулар башка мейманкана ээлери үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, атүгүл алардын маалымдама китеби болуп калышы мүмкүн. Же бизнести кантип жүргүзүү жана ар кандай кырдаалдарга кандайча мамиле кылуу боюнча кеңештер болот. Адамдар ушунчалык ар түрдүү жана таң калычтуу болгондуктан, күн сайын мен үчүн жаңы нерсе үйрөнөм.

    -Сизге азыр эмне жетишпейт?

    — Биздин мейманканада спорт зал жетишпейт, анткени азыр коноктордун көбү ушундай нерселерге маани беришет. Ошондой эле, вертолёт аянтчасы жана бассейн болушун каалайт элем. Дегеле, туризм тууралуу айта турган болсок, концепцияны бир аз өзгөртүү керек. Экотуризм жана этникалык стиль абдан сонун, бирок аларды заманбап кылса болот, буга Чуңкурчак мисал. Кыргызстанда баары боз үйдө жашап, ат минет деген стереотиптерди жок кылуу керек. Биз салтты урматтоо менен өлкөбүздү заманбап жана ар тараптуу жер катары көрсөтө алабыз.

    — ЕРӨБ долбооруна кантип жана эмне үчүн келдиңиз?

    — Кемчиликсиз нерсе жок деп эсептейм, ошондуктан долбоорго келдим. Мен тынымсыз команда менен жаңы нерселерди үйрөнүп жатам. Биздин алдыбызда так максаттар бар жана аларды эң жогорку деңгээлде аткарууга аракет кылабыз. Азыр биз кадр маселесине өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Бул багытта Камила менен чогуу иштеп жатам. Кадр маселеси мейманкана бизнесинде гана эмес, ар дайым актуалдуу. Бизде официанттар, баристалар, ашпозчулар жана кызматчылар жетишпейт. Кыргызстанда тейлөө кызматы туруктуу кесип катары кабылданбай, көбү чет өлкөдөн карьера жасоону туура көрүшөт.

    — 5-10 жылдан кийин бизнесиңизди кандай элестетесиз?

    — Биздин мейманкананын туруктуу,  көз карандысыз жана ишенимдүү өнүгүүсүн каалайм. Биз конокторду кубантуу үчүн мындан ары да алдыга умтула беребиз. 


    Тектеш материалды окуу

    • Бишкекте ресторан бизнеси кандай өзгөрүүдө? Good coffee’нин ээси менен маек
      2006-жылы Кыргызстанда алгачкы кофеканалардын бири ачылган. Аталган жай кофе маданиятын сиңирген алты үстөлү бар чакан, жайлуу мекеме. Биз Good coffee’нин негиздөөчүсү Зульфира Хайбуллина менен пандемия учурунда жеткирүү кызматы ресторан бизнесин кантип сактап калганы жана инновациялар коомдук тамактануу тармагына кандай таасир тийгизгени тууралуу маектештик.
      2024-19-12 10:04:13
    • Айнура Ибраева: юристтик кесибимди өзгөртүп, жеке мейманканамды ачтым
      Кыргызстанда туризм өнүгүүдө, муну менен катар улуттук каада-салт менен маданиятка болгон сүйүү айкалышкан уникалдуу долбоорлор пайда болууда. Мындай мисалдардын бири бир нече жыл мурун ачылган, бирок Кыргызстандан эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин арасында белгилүү болгон “Отел 78”.
      2024-28-11 07:01:55
    • Салтанаттуу иш-чараны жогорку деңгээлде кандай өткөрсө болот? Конокторду тамактандыруу боюнча кеңештер
      В работе каждого предприятия или организации хотя бы раз случается так, что приходится собирать гостей и партнеров на торжество. По устоявшейся традиции, даже если это деловая встреча, отпускать голодными нельзя. И чтобы не ударить в грязь лицом, необходимо все тщательно продумать. Редакция «Акчабар» специально за вас разобралась со всеми нюансами подготовки фуршета.
      2024-29-08 08:00:34