akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right
    Сүрөт алынган жер: Азимжан Нуритдинходжаев

    Жарыяланган

    2024-29-08, 14:00

    Салтанаттуу иш-чараны жогорку деңгээлде кандай өткөрсө болот? Конокторду тамактандыруу боюнча кеңештер

    Ар бир ишкана же уюм өз ишмердүүлүгүндө жок дегенде бир жолу конокторун жана өнөктөштөрүн чогултуп салтанаттуу иш-чара өткөрүүгө туура келет. Салтка айланып калгандай, бул иш-чара жумушка байланыштуу болсо да келген конокторду ачка кетирүү мүмкүн эмес. Уят болбош үчүн баарын кылдат ойлонуш керек. “Акчабар” фуршет даярдоонун бардык өзгөчөлүктөрүн сиз үчүн иликтеп чыкты.

    Жыл сайын HoReCa (отелдер, ресторандар, кафелер) тармагынын кирешеси көбөйүүдө. Мисалы, 2023-жылы бул тармактын кирешеси 20%га, ал эми 2024-жылдын алты айында былтыркы алты айга салыштырмалуу тармактын кирешеси 24%га өскөн.  Албетте, буга ресторандар менен кафелердеги фуршеттер жана башка ушуга окшогон иш-чаралардан түшкөн кирешелер да кошулат.

    Бүгүнкү күндө HoReCa сизге иш-чаранын гастрономиялык бөлүгүн уюштуруунун эки вариантын сунуштай алат: банкет жана кейтеринг.

    Банкет — адатта, ресторан, банкет залы же кафе сыяктуу алдын ала аныкталган жерде өткөрүлөт. Банкеттин уюштурулушу иш-чара үчүн керектүү шарттардын бардыгы ошол жерде бар экенин билдирет: ашкана, идиш-аяк, эмерек жана тейлөө кызматы. Ошондуктан ресторандар жана кафелердин баалары туруктуу болот. Меню көп учурда стандарттуу, бирок мекеменин мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде кардардын талабына ылайыкташтырылышы мүмкүн. Жакшы банкетти уюштуруу үчүн орточо эсеп менен ар бир адамга 2,5 миң сом сарпталат (бул баага үч тамак кирет).

    Бирок акыркы учурда кейтеринг кызматы популярдуу болууда. Бул кызмат – кардар тандаган каалаган жерге тамак-аш жеткирүү жана тейлөө кызматын көрсөтүү.  Бул жайлар кеңсе, үй, табият же башка жай болушу мүмкүн.

    Кейтеринг – бул жөн гана тамак-аш даярдоо жана жеткирүү кызматы эмес, ошондой эле толук тейлөө комплекси, идиш-аяк жана эмерек менен камсыз кылуу, ал тургай, иш-чарадан кийин тазалоо, жыйноо. Кейтерингдин артыкчылыгы менюну жана кызмат көрсөтүү форматтарын конкреттүү талаптарга ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет, бул ар кандай иш-чаралар үчүн ыңгайлуу.

    “Navat Catering” компаниясынын менеджери Майя Осмонова, “Kaynar Catering Company” долбоорунун менеджери Даулет Кенченбаев жана “HoReCa Club” ассоциациясынын негиздөөчүсү Гүлзат Раимбекова “Акчабарга” кейтеринг кызматына буюртма берүүдө эмнелерди эске алуу керектиги менен бөлүшүштү.

    “Кейтерингди туура жана так буюртма кылуу үчүн биринчи кезекте, иш-чаранын форматынан баштоо керек. Сизде фуршет, кофе-брейк, поп-ап (көрүнүктүү башкы ашпозчулардан кечки тамак. — авт. эскертүүсү), же жөнөкөй кечки тамак пландалып жатабы, тактап алуу зарыл. Андан кийин иш-чарага катыша турган коноктордун санын, ошондой эле өткөрүлө турган күндү жана жерди тактоо керек”, — дейт Майя.

    Сунуштарды изилдеп чыккан соң “Акчабар” менюнун орточо наркын төмөндөгүдөй эсептеп чыкты.

    кофе-брейк үчүн ар бир адамга  — 479,5 сомду; 
    ланч үчүн ар бир адамга  — 984,2 сомду; 
    фуршет үчүн ар бир адамга  — 1 489,7 сомду түзөт.

    “Кызмат көрсөтүүнүн баасы ар бир кардардын жеке муктаждыктарына жараша эсептелет. Биз иш-чарага коюлган атайын талаптарды жана каалоолорду эске алабыз. Мисалы, эгер салтанат табият койнунда өткөрүлсө, коноктор ток жүрүшү үчүн көбүрөөк убакыт ток кармай турган тамактар талап кылынат. Эгерде фуршет же ачылыш сыяктуу иш-чара болсо, коноктор башка иш-чараларга тез арада өтүп кетиши үчүн жеңил тамактар сунушталат. Ошентип, ар бир буюртма өзүнчө каралып, иш-чаранын бардык өзгөчөлүктөрүн жана талаптарын эске алуу менен баасы аныкталат”, — деп билдирди “Navat Catering” менеджери.

    Баага официанттардын кызмат көрсөтүүсү, меню, идиш-аяк жана айнек идиштер – баары “ачкычка чейин” деген принципте эсептелет, бирок кошумча кызматтарды, мисалы, чатырларды буюртма кылгыңыз келсе, кошумча төлөм керек болот. Эгерде форс-мажор жагдайлар болсо, коммерциялык сунуштун суммасы да көбөйүшү мүмкүн.

    “Биз алдын ала бир нече коммерциялык сунуштарды, коноктордун санынын өзгөрүшүнө карата даярдайбыз. Эгерде буюртмачы 70 киши болорун айтса, биз бир нече сметаны сунуштайбыз, ошону менен ал өзүнө ылайыктуусун тандап алат. Ошол эле учурда биз ар дайым коноктордун санына жараша тамак-аштын жетишсиздиги же ашыкчалыгы мүмкүн экенин кардарга билдиребиз. Бул учурларды талкуулап, кардар мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө даяр экенин тактап алабыз. Ошондой эле келишимде коноктордун санынын өзгөрүшүнө байланыштуу форс-мажордук кырдаалдар болушу мүмкүн экенин, жана бул маселе боюнча дооматтар каралбай турганын көрсөтөбүз, анткени бардык тобокелдиктер алдын ала айтылган жана макулдашылган”, — деди Майя Осмонова.

    Жалпысынан алганда, сунушту изилдеп чыккандан кийин баалардын ар тараптуу өсүшүнө карабастан кейтеринг рыногу чындап эле ыңгайлуу деген тыянак чыгарууга болот.

    “Кейтеринг кызматтары жабдууларды ижарага алуу кызматтарын да камтыйт. Баалардын жогорулашынан улам биздин кызматтардын өздүк наркы, албетте, өстү. Биз бааларды кескин көтөрө албайбыз, андыктан аз гана үстөк кошуп чыгымдарды оптималдаштыруунун жолдорун издеп жатабыз, ошондо коммерциялык сунуштар кардар үчүн кызыктуу жана биз үчүн кирешелүү бойдон калат”, — деп белгилешти Даулет Кенченбаев жана Гүлзат Раимбекова.

    Гүлзат Раимбекова үч негизги көрсөткүчтү эске алуу керектигин баса белгиледи:
    -    Эмгек чыгымы (Labor cost); 
    -    Тамак-аш чыгымы (Food cost); 
    -    Башка чыгымдар.

    “Тең салмактуулукту сактоо үчүн, буга чейин айткандай, менеджмент бөлүмү жана ашкана менен күнүмдүк иш алып баруу зарыл. Азыктарды алмаштырып, бирок тамактын сырткы көрүнүшүн жана сапатын бузбай, туура иштеп, кардар менен туура тил табышып иштөө керек. Дал ушундай мамиле компанияларга туруктуу бойдон калууга мүмкүндүк берет”, — деп белгиледи “HoReCa Club” ассоциациясы.

    Банкетке буюртма кыласызбы же кейтеринг кызматтарына кайрыласызбы, бул сиздин чечимиңиз. Ар бир варианттын өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Бирок өзгөрбөгөн чындык - бул бүгүнкү күндө “HoReCa” тармагы ресторандагы салттуу банкет болобу же каалаган жерде өткөрүлө турган кейтеринг болобу, ыңгайлуу варианттарды сунуштайт.


    Тектеш материалды окуу