Бүгүнкү күндө жөнөкөй тиркемелер менен смартфон колдонуучуларын таң калтыруу кыйын. Тиркемеде жөнөкөй коммуналдык төлөмдөрдү төлөө же тамак-аш жеткирүү буйрутмаларын берүү буга чейин эле негизги стандарт катары кабыл алынган.
Азыркы тапта Кыргызстандын экспорту оор мезгилди баштан өткөрүүдө. Алсак, буга 2020-жылдан бери COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк рынокту кыйроого учуратканы, 2021-жылы Кыргызстандын алтынынын негизги рыногу убактылуу токтотулганы, 2022-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактын күчөшү сыяктуу окуялар себеп болду.
Лотерея аркылуу грин-карта утуп алуу - бул көптөгөн адамдар үчүн АКШда жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүк. Бирок башка лотереядагыдай эле, бардыгы эле утушка ээ боло бербейт, берилген жалпы арыздардын 40% жакыны документтин туура эмес толтурулганынан четке кагылган.
“Акчабардын” окурмандарынын бири төлөм терминалы аркылуу интернетке акча төлөп, андан 20 сом кошумча комиссия алынганын байкаган. Бул боюнча ал редакцияга кайрылган. Анткени жакында Улуттук банк өлкө ичиндеги которуулар жана онлайн төлөмдөр үчүн комиссияларды нөлгө түшүргөн.
Ошентип, 2024-жыл аяктады. Быйылкы жыл адаттагыдай эле окуяларга бай болду. Бул жыл айрым кыргызстандыктар үчүн оор жыл болсо, башкалары үчүн ийгиликтүү жыл катары эсте калды. “Акчабар” ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2024-жылы психологго баруу канчалык жеткиликтүү экенине саресеп салды.
Бүгүн Кыргызстанда биринчи маркетплейс Lemon Shopping’дин ачылышы өттү. Жаңы долбоор электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө салым кошмокчу. Буга чейин өлкөдөгү электрондук коммерциянын көлөмү 359 миллион долларга жеткен.
Кыргызстанда электр энергиясын керектөөдө жаңы тарыхый максимум катталды. 11-12-декабрда суткалык керектөө 78,9 миллион киловатт-саат болсо, максималдуу кубаттуулугу 3612 мегаваттка жеткен. Бул өткөн жылдын рекордунан ашты, анда дагы катуу суукка карабастан, керектөө 73,37 миллион киловатт-саатты түзгөн.
Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы калыбына келе баштады. Бирок, айрым талдоочулардын айтымында, Кытайда запасы 83 миллиард долларга бааланган эң ири алтын кенинин ачылышы келечекте анын баасына олуттуу таасир тийгизет.