akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-14-04, 14:59

    Мамлекеттик ипотека: Кезекте тургандар жана үлүштүк негизде үй алгандар арасында батирлер кантип бөлүштүрүлөт?

    Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека багыттары боюнча кезекте тургандардын жана үлүштүк негизде алдын ала акча төгүп үй алып жаткандардын арасында батирлер кандай негизде бөлүштүрүлө турганын айтып берди. 

    Жээнбаевдун айтымында, азыр МИК куруп жаткан үйлөр мамлекеттен бөлгөн каражаттан тышкары үлүштүк негизде батир алган жарандардан түшкөн акчага салынууда. Мындан улам салынган батирлердин жарымы үлүштүк негизде үй алгандарга берилет. Калганы кезекте тургандардын арасында бөлүштүрүлөт.

    "Былтыр декабрдан баштап быйылкы жылдын апрелине чейин 2138 батир үй ээлерине тапшырылды. Анын жарымы үлүштүк негизде, жарымы кезекте тургандар алды. Кезекте тургандардын арасында мамлекеттик программа боюнча үй курууга жер бөлүп берген мекемелердин кызматкерлери да бар. Бул нерсе программанын өзүндө да каралган, жашыруун маалымат эмес. Аларга калган батирлердин 10-20%ы берилет", - деди ал.

    Соңунда калган батирлер социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека багыттары боюнча үй ала тургандарга тапшырылат. Бул үч багыт боюнча кезекте тургандарга батирлердин канча пайызы берилери жалпы тизмедеги сандык катышына жараша берилет. 

    "Азыр жалпы 50 миң киши кезекте турат. Алардын 65%ы - жеңилдетилген ипотека боюнча үйү ала тургандар. Мисалы, 2000 миң батир тапшырылса, анын 65%ы жеңилдетилген ипотека программасы боюнча кезекте тургандарга берилет. Дагы 25%ы арзан ипотека жана калганы социалдык ипотека боюнча ала тургандарга берилет", - деди Жээнбаев. 


    Тектеш материалды окуу