Жарыяланган
2025-28-03, 17:35Телефонду канча жылда бир алмаштырып турасыз? Улуу Британияда адамдар телефонду орточо 3 жыл 4 ай дегенде бир жаңылап турарын, өмүрүндө телефонду 19 жолу алмаштыра турганын эсептеп чыгышкан. Айрымдар телефонду андан да бат жаңылайт эмеспи. Мисалы мен 25 жашка келип, жөнөкөй уюлдук телефонду эсепке албаганда, 12-смартфонду көтөрүп жүрөм (техника деген нерсе мени анча жактырбайт окшойт – ред.). Сиздер мендей эле үйдө колдонулбай жаткан телефонду, каякка алып барарыңызды билбей жатсаңыз керек. Аны ыргытып салуу туура эмес болуп калар. Анда эмне кылса болот? Сизде эки вариант бар. Биринчиси алып сатарларга сатсаңыз же Trade-in кызматы менен пайдалансаңыз болот.
Trade-in (“үстүнө акча кошуп алмашуу”) системасы XX кылымдын башында АКШда унаалар жайыла баштаганда пайда болгон. Кардарларды тартуу жана сатып алуу процессин жеңилдетүү үчүн сатуучулар үстүнө акча кошкондордун эски унаасын жаңыга алмаштырып ала баштаган. Бул кардарга тез арада жаңы темир тулпар алуусуна, ал эми экинчи тарапка унаалары өтүмдүү болуусуна шарт түзгөн. Бул схема унаа индустриясында мурдатан жакшы белгилүү. Бирок акыркы жылдары электр жабдуулар үчүн колдонула баштады.
Учурда бул ыкма өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылган. Кыргызстандагы компаниялар да андан артта калбай, бизде да Trade-in системасы көптөн бери иштеп келет. Бул программа техника саткан чоң дүкөндөрдө иштеп, Samsung Galaxy, iPhone жана башка таанымал бренддердин телефондорунун эскисин жаңыга алмаштырса болот.
Баарынан мурда сиздин телефондун баасы аныкталат. Сиз дүкөнгө келгенде, адис телефонуңузду карап, тышына (чийик, сынык), техникалык абалына (экран, камера, динамиктердин иштешин), кайсы үлгүдө экенине, жылына, комплектациясына (кубаттагыч, куту) көңүл бурат.
“Эгер сиздин телефон сынган болсо, мисалы, дисплейи, аны ала беребиз, бирок арзандатуу азыраак болот. Жеңилдик 5 миң сомдон башталат жана кайсы телефон ала турганыңызга байланыштуу болот”, - дейт «Менин телефонум» дүкөнүнүн адиси Виолетта.
Текшерип көрүү үчүн биздин редакциянын журналисти өзүнүн сынган эски телефонун дүкөнгө алып келген. Анын дисплейи сынык болгонуна карбай 18 миң сомго бааланды. Бирок ал Samsung’дун алдыңкы үлгүдөгү телефондорун алуу шартында гана ошончого бааланат. Эгер сиз башка үлгүсүн алам десеңиз, арзандатуу андан азыраак болот же болбосо кээ бир үлгүлөрү үчүн жеңилдик каралган эмес.
Бүгүнкү күнү телефон саткан дүкөндөрдө Samsung Trade-In кызматын жайылткан компания болууда.
“Samsung компаниясы – бардык бренддерди, анын ичинде Apple, Pixel’ди ар түрдүү тетиктер менен камсыз кылган компания. Мындан улам аларга телефондорду тетиктер же утилизация үчүн сатып алуу пайдалуу”, - дейт компаниянын өкүлү Шералы Сыдыков.
Телефонду алып-сатып иштеген Нурмат Trade-In деген түшүнүк мурда эле болгонун айтат.
“Trade-In деген идея мурда эле болгон, бирок аны антип аташчу эмес. Мындан 15 жыл мурун деле телефонду өткөрүп, үстүнө акча кошуп, жакшыраак телефон алууга мүмкүн болчу. Эми ал расмий иштеп жатат. Бирок ал алып-сатарлардын ишине таасир эткен жок. Себеби биз жаңы телефонго арзандатуу эле кылбайбыз, акчалай да бере алабыз”, - дейт ал.
Интернеттеги сунуштарды карап чыгып, «Акчабар» редакциясы 2024-жылы чыккан Xiaomi компаниясынын өтө кымбат эмес телефонун, мисалы 19 миңге алган болсоңуз, алып сатарга 15 миң сомго сатууга болорун аныктады.
“Мен телефонду баалап жатканда, ал рынокто канча турарын карайм. Аны болжол менен канча сомго сата аларымды эсептейм. Андан кийин чыгашаларды эске алып, 3 миңден 5 миң сомго чейин кемитип, мен сатып ала турган бааны айтам”, - дейт Нурмат.
Ошондой эле алып сатарлар абалы жакшы телефондорду жакшы баага ала турганын айтышууда. Маселен iPhone 12 жана андан жаңысын көтөрүп жүрсөңүз, аны 30 миңден 80 миң сомго чейин сатып алышат.
Trade-in - эски телефонун жаңыга бат жана пайдалуу алмаштырып алууну каалагандар үчүн жакшы вариант. Эгер сиз эски телефон үчүн акча алгыңыз келсе, аны өз алдынча сатууга аракет кылып көрүңүз.