akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Медтуризм: блефаропластика боюнча Бишкекке келген чет элдиктер көп

    Соңку жылдары Кыргызстан эстетикалык медицинанын чыныгы борбору болуп калды. Өзгөчө кыргызстандык пластикалык хирургдар блефаропластика жаатында  эл аралык деңгээлде таанылды. Бишкекке эстетикалык хирургия боюнча дүйнөлүк лидер деп эсептелген Орусия, Казакстан, Европа, ал тургай Түштүк Кореядан да бейтаптар келүүдө. 

    Кыргызстан өзгөчө блефаропластика, кабакты оңдоо операциясы менен белгилүү. Процедура өлкөнүн өзгөчө белгиси болуп калды жана жергиликтүү хирургдар бул тармактагы эң мыктылардын катарына кирет.

    Бүгүнкү күндө Бишкекте жана өлкөнүн башка шаарларында көптөгөн кызматтарды сунуштаган ондогон клиникалар бар: ринопластика, липосакция, маммопластика, абдоминопластика ж.б. 

    Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай мекемелердин саны тынымсыз көбөйүүдө, бул эстетикалык медицинага кызыгуунун өсүшү жана медициналык туризмдин өнүгүшү менен байланыштуу.

    Кыргызстандык хирургдардын атагы алыска кетти 

    Өлкөдөгү пластикалык хирургдардын кесипкөй катары таанылышы аларды жол баштоочу  катары көрсөтө алды. Атап айтканда, жергиликтүү адистер Борбордук Азияда биринчилерден болуп заманбап техникаларды жигердүү иштеп чыгып, аларды өздөрүнүн негизги адистигине айландырышкан. Азиялык блефаропластика өзгөчө орунду ээледи, бул багыт чыгыш тибиндеги бейтаптардын кабактарынын анатомиясын терең билүүнү талап кылат.

    Сагынбаева атындагы клиниканын пластикалык хирургу, 7 жылдан ашык тажрыйбасы бар Нурсултан Мирбековдун айтымында, алардын клиникасында бейтаптардын олуттуу бөлүгүн чет элдиктер түзөт.

    “Кыргызстандык хирургдар кесипкөйлүгү жагынан чет элдик кесиптештеринен кем калышпайт, ошол эле учурда биздин кызмат көрсөтүүлөр баасы боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү. Маселен, Бишкекте блефаропластика 30-50 миң сом болсо, Орусияда ушундай эле процедура 80 миңден 200 миң рублга чейин. Көптөр үчүн бул ашыкча төлөбөстөн сапаттуу жыйынтыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгү”, - деди ал.

    Кыргызстанда пластикалык хирургия салыштырмалуу жаш, бирок тез өнүгүп жаткан тармак. Пластикалык хирург болуу үчүн 6 жылдык медициналык окуу жай, 1 жыл интернатура жана адистиги боюнча 2 жыл ординатура керек. Жаш дарыгерлер пластикалык операцияны көбүрөөк тандап, аны кесиптик өнүгүү жана жогорку киреше алуу мүмкүнчүлүгү катары карашууда.

    Жөн эле университетте билим алуу менен чектелип калбоо үчүн, Нурсултан Мирбеков айткандай, көптөгөн хирургдар Кыргызстанда болобу, чет өлкөдө болобу устат издешет, жада калса тажрыйбалуу пластикалык хирургдар ай сайын конференцияларга катышып, чет элдик кесиптештеринин алдыңкы тажрыйбаларын өздөштүрүшөт. Бул аларга жогорку деңгээлдеги кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берет. Бейтаптардын ийгиликтүү операциялары жана оң пикирлер жергиликтүү адистерге болгон ишенимди бекемдейт. Ошол эле учурда жеке клиникаларда иштеген пластикалык хирургдар мамлекеттик мекемелердеги кесиптештерине караганда алда канча көп киреше табышат. Бул катардагы мамлекеттик ооруканалардагы дарыгерлердин айлыгы аз экенин эске алганда, жаш дарыгерлер үчүн кесипти ого бетер жагымдуу кылат.

    Кыргызстанда пластикалык операцияга суроо-талап жогору

    Эгерде 5-7 жыл мурун эң популярдуу процедура блефаропластика болсо, бүгүнкү күндө да бул процедура негизги бойдон калууда, бирок барган сайын бейтаптар комплекстүү операцияларга умтулушууда. Абдоминопластика - кош бойлуу же күтүлбөгөн арыктоодон кийин ичтин коррекциясы барган сайын популярдуу болууда.


    Көйгөйлүү аймактардагы майды алып салуу жана аны туура формага отургузууну камтыган липосакция жана липофиллинг да популярдуу болууда. Маммопластика, төштү чоңойтуу же тарттыруу эң популярдуу процедуралардын бири бойдон калууда. Кызыгы, операциялардын 50%га жакыны медициналык себептерден улам жасалса, калгандары эстетикалык жактан жакшыртуу үчүн жасалат.

    Тармакка эмне тоскоол болууда жана кыргызстандык хирургдар лидерликти кантип сактап кала алышат?

    Кыргыз пластикалык хирургиясы ийгиликтерге жетсе да, мүмкүнчүлүгү кең болсо да жай өнүгүүдө. Бул дүйнөлүк экономикалык факторлордон жана дары-дармектерди импорттоодогу көйгөйлөрдөн улам материалдардын кымбатташына байланыштуу.  Бул жагдай операциялардын баасына терс таасирин тийгизип, бейтаптар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн азайтат. 

    Бирок, серепчинин айтымында, тармак мындан ары да өнүгө берет. Буга жетүү үчүн өлкө ичинде окуу программаларын жана мастер-класстарды көбөйтүү, эл аралык конференцияларды көбүрөөк өткөрүү жана Кыргызстанды эстетикалык медицинанын борбору катары таанытуу менен медициналык туризмди өнүктүрүү зарыл.

    "Биз башка өлкөлөргө конференцияларга көп каттап, тынымсыз чет өлкөгө чыгып турабыз, бул абдан маанилүү, кымбат болсо да, биз өзүбүздүн платформабызды иштеп чыгып, дүйнөлүк хирургдарды өлкөбүзгө чакырышыбыз керек" - деди ал. 

    Тиешелүү инфраструктуранын жоктугуна карабастан, кыргызстандык хирургдар башка өлкөлөрдөн кесиптештерин даярдап жатышат, бул алардын кесипкөйлүгүнүн жогорку деңгээлинен кабар берет.

    Нурсултан Мирбеков Кыргызстан пластикалык хирургия тармагында эл аралык аренада атаандаша аларын далилдегенин белгиледи.

    “Сапаттуу кызматтардын, жеткиликтүү баанын жана уникалдуу тажрыйбанын аркасында өлкө медициналык туризм үчүн жагымдуу өлкө болуп калды. Бишкек азыр бетке операция жасоо боюнча биринчи орунда турган Сеулдай, мурундун сулуулугу үчүн бейтаптар барган Стамбулдай же жамбашка операция көп жасаган Бразилиядай белгилүү болуу жолунда”, - деди хирург.


    Тектеш материалды окуу