akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Орусиядан кайтып келген кыргыздар Европага ыктоодо: миграциялык карта кандай өзгөрүп жатат?

    Акыркы үч жылда Орусиядан Кыргызстанга 113 миңден ашык эмгек мигранты кайтып келди. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Бирок алардын көбү Европа жана башка өлкөлөргө ыктоодо.

    Алар эмне үчүн кайтып келишүүдө?

    2022-2024-жылдар аралыгында чет өлкөдө иштеп жүргөн 128 миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алардын 88%ы Орусиядан келгендер. Негизги себептери – эмгек келишиминин мөөнөтү бүтүшү, документтердеги көйгөйлөр, жумуштун жаңы багыттарын издөө жана үй-бүлөлүк жагдайлар.

    Россиянын ордуна Европа

    Кайтып келген мигранттардын көбү Кыргызстанда калууну ойлобойт. Анын ордуна, алар чет өлкөдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатышат - Улуу Британияда, Германияда, Польшада, Словакияда, Италияда, Түркияда, БАЭде жана Түштүк Кореяда. 2024-жылы эле Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 20 миңден ашык кыргызстандыкка башка өлкөлөрдөн жумуш табууга жардам берген. Мындан тышкары 50дөн ашык жеке ишканалар чет өлкөдөн элди жумушка орноштурууга көмөктөшөт. Көбүнчө, бул мейманкана тармагы, айыл чарба жана фабрикаларда ишке орношуу менен байланышкан иш.

    Өлкөдө кимдер калды?

    Кээ бир жарандар дагы эле өлкөнүн ичинде калып, иштөөнү чечишет. Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш бум болуп жатканын эске алсак, бул тармакта жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жогору. Кээде иш берүүчүлөр Индия менен Бангладештен келген чет элдик жарандарды да жалдашат, бул алардын жумушчуларга муктаж экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары тигүү тармагынын өкүлдөрү өндүрүштө жумушчулар жетишсиз болуп жатканын бир нече жолу айтышкан. 

    Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун адам ишке орноштуруу борборлору аркылуу жумуш тапкан. Алар үчүн Эмгек министрлиги кайра даярдоо программаларын, окутууну жана чакан бизнести ачууда колдоо көрсөтүүнү сунуштайт.

    «Мекеним 1+1» программасы: нөлдөн баштоого мүмкүнчүлүк

    Мигранттарды колдоо боюнча “Мекеним 1+1” пилоттук программасы Баткен облусунда Эл аралык миграция уюмунун катышуусунда ишке ашырылууда. Долбоордун маңызы кайтып келген мигранттардын бизнес-идеяларын биргелешип каржылоодо. Мында 1+1 принциби иштейт: мигрант өзүнүн топтогон акчасын салат, мамлекет же донордук уюм ошончо акча салат.

    Буга мындай мисалдар бар: Улуу Британиядан кайтып келген 14 мигрант бизнес ачуу үчүн — тигүү цехтеринен малина өстүрүүгө жана эмерек жасоого чейин гранттарды алышты. Долбоордун биринчи жана экинчи фазаларынын алкагында жалпы суммасы 7,7 миллион сомдон ашык 21 грант берилген.

    2024–2026-жылдары дагы 20 мигрант 1+1 программасынын алкагында колдоо алат; үчүнчү этаптын жалпы фонду 7,3 миллион сомду түзөт.


    Тектеш материалды окуу

    • Орусиядан кайтып келген кыргыздар Европага ыктоодо: миграциялык карта кандай өзгөрүп жатат?
      Акыркы үч жылда Орусиядан Кыргызстанга 113 миңден ашык эмгек мигранты кайтып келди. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Бирок алардын көбү Европа жана башка өлкөлөргө ыктоодо
      2025-14-04 10:57:57
    • Эски телефонду жаңысына кантип алмаштырса болот?
      Телефонду канча жылда бир алмаштырып турасыз? Улуу Британияда адамдар телефонду орточо 3 жыл 4 ай дегенде бир жаңылап турарын, өмүрүндө телефонду 19 жолу алмаштыра турганын эсептеп чыгышкан. Айрымдар телефонду андан да бат жаңылайт эмеспи. Мисалы мен 25 жашка келип, жөнөкөй уюлдук телефонду эсепке албаганда, 12-смартфонду көтөрүп жүрөм (техника деген нерсе мени анча жактырбайт окшойт – ред.).
      2025-28-03 11:35:26
    • Миллиардер аялдардын катары калыңдады: бүгүнкү күндө каржы дүйнөсүн ким башкарат?
      2023-жылдын аягында дүйнөдө миллиардерлердин саны 3 миң 323кө жеткен, анын 431и аялдар. Аялдар дагы эле азчылыкты түзсө да, бул тенденция финансылык элитанын структурасында узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
      2025-13-02 10:47:31
    • Медтуризм: блефаропластика боюнча Бишкекке келген чет элдиктер көп
      Соңку жылдары Кыргызстан эстетикалык медицинанын чыныгы борбору болуп калды. Өзгөчө кыргызстандык пластикалык хирургдар блефаропластика жаатында эл аралык деңгээлде таанылды. Бишкекке эстетикалык хирургия боюнча дүйнөлүк лидер деп эсептелген Орусия, Казакстан, Европа, ал тургай Түштүк Кореядан да бейтаптар келүүдө.
      2025-04-02 06:00:02