akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-17-03, 10:00

    Кыргызстанда NFC-стикерге кызыккандар арбыды. Ал кимге жана эмне үчүн керек?

    Азыркы мезгилде көптөгөн жарандар убактысын текке кетиргиси келбейт, айрыкча дүкөндө акча төлөөгө келгенде бир-эки көз ирмем узактай сезилет. Акчаны электрондук капчык менен төлөсө да, тиркеменин ачылганын, акча түшкөнүн күтүү –убакыт бошко кетип жаткандай туюлат. Ошондон улам Кыргызстандын банктары жана компаниялары NFC-стикерлерин – бир тийип төлөй ала турган кичинекей жабдыктарды сунуштап жатат.

    NFC-стикер деген эмне?

    NFC (Near Field Communication) – бул көптөн бери тийгизбей төлөгөн карта жана смартфондордо колдонулуп келе жаткан технология. NFC-стикер – телефонго, капчыкка чаптап алып же аксессуар катары көтөрүп жүрө турган кичинекей чип.  
    Ал кантип иштейт?
    Ал кадимки  тийгизбей төлөгөн карта сыяктуу иштейт жана банк картасын көтөрүп жүрүүгө зарылдык жок. Стикердеги чипте транзакция жүргүзүү үчүн сиздин эсебиңиз тууралуу маалымат болот. Стикер менен төлөө үчүн аны терминалга өтө жакын алып келиш керек. Ошондо гана төлөм жүргүзүлөт. Бул акчанын кокустан которулуп кетишине жол бербейт.

    Кыргызстанда NFC-стикерлерин ким сунуштап жатат?

    Өлкө рыногунда бир нече сунуш бар. Банктар NFC-стикерлерди өзүнүн премиалдык же флагмандык карталарын көтөргөн кардарларына сунуштайт.
    Кызыгы бул рынокко банктардан тышкары уюлдук оператор Mega да кошулду. Бул NFC-стикерлердин келечеги бар экенин дагы бир ирет тастыктап турат.
    Уюлдук оператордун сайтында айтылгандай, компания NFC-стикерлерди атайын акциянын алкагында акысыз таратууда. Аны алуу үчүн MEGA’нын сатуу борборуна барып идентификациядан өтүп, MegaPay тиркемеси аркылуу «Айыл Банк» ААКсы чыгарган «MEGA ЭЛКАРТ» виртуалдык картасын алуу керек. Андан кийин адистер сиз каалаган стикерди берет. 

    NFC-стикерлер эмне үчүн элди кызыктырып жатат? 

    Азыр көптөгөн кишилер накталай акча менен картанын ордуна NFC-стикерлерди тандай баштады. Унаада, дүкөндө, кафеде болсун, телефонуна чапталган стикерди терминалга жакындатып акча төлөп жаткан адамдарды көрүүгө болот. Контактсыз төлөм ыңгайлуу гана эмес, тез жайылган адат боло баштады десе болот. Алдыда башка каржы мекемелер да бул ишке киришип, стикерлер өлкөнүн төлөм тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп калары бышык. 

    Бул жабдыктар контактсыз төлөм катары ыңгайлуу болгону менен аларды колдонууда айрым мүчүлүштүктөр бар. Маселен стикер менен терминал туура келбей, терминал аны окубай коюшу мүмкүн. Идентификациядан өтүү керек. Алдыда бул рынок өрчүп, азыркы колдонууда болуп жаткан кемчиликтер жоюлары шексиз.


    Тектеш материалды окуу