Жарыяланган
2024-12-10, 13:45Октябрь айынын башынан бери салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык коммерциялык жайларды ижарага алуучулар патенттик салык системасын мындан ары колдоно алышпайт. Бул өзгөртүүлөр тууралуу “Акчабарга” эсепчи Венера Собурова билдирди.
“Эми коммерциялык жайларды ижарага берүү үчүн батир ээлери жеке ишкер катары каттоодон өтүшү керек. Коммерциялык кыймылсыз мүлккө патент жараксыз болуп калды”, - деди ал.