Жарыяланган
2025-25-03, 13:32Казакстан 2024-жылы кызыктуу жагдайга туш болду: кант кызылчасынын айдоо аянттары 25.2 миң гектарга чейин көбөйтүлүп, мурда болуп көрбөгөндөй мол түшүм алынгандыгынан кайра иштетүүчү ишканалар аларды иштетип жетише албай калды. Насыя жүктөрүнөн улам алар 2026-жылга чейинки Кант тармагын өнүктүрүү боюнча планында каралгандай кубаттуулуктарын көбөйтө албай калган. Жыйынтыгында түшүмдүн бир бөлүгүн, айрыкча Жамбыл облусундагы кант кызылчаларын Аксу заводуна (Казакстан) жана Кыргызстанга кайра иштетүүгө жөнөтүүгө туура келди.
Натыйжада Казакстандын Айыл чарба министрлиги кант кызылчасынын 2025-жылга пландалган айдоо аянтын 18,4 миң гектарга чейин азайтууга аргасыз болду. Ал эми Кыргызстан быйыл 2024-жылга караганда 1 миң гектарга көбүрөөк, тактап айтканда, 16 миң гектарга кант кызылчасын себүүнү көздөөдө.
Кыргызстан барган сайын кант кызылчасынын өндүрүшүн арттырып, чогулган түшүмдү кайра иштетүүдө да ийгиликтүү иш алып барууда. 2024-жылы өлкөдө буга чейин болуп көрбөгөндөй 120 миң тонна кумшекер өндүрүлдү. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аталган тармакка колдоо көрсөтүп, ишканалардын кубаттуулугун арттырууга шарт түзгөнүнүн аркасы менен мүмкүн болду. Министрлик көргөн чаралар ата мекендик заводдорго чийки затты ички суроо-талаптан да ашыкча кабыл алууга жана өнөктөштөрүнүн алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткарууга өбөлгө түзүүдө.
Андан тышкары Кыргызстандын ишканалары өлкөдөгү кант кызылчаны иштетүүгө гана жетишпестен, коңшу Казакстанга да жардам берүүдө. Казакстандын Мерке кант заводу менен Кыргызстандын Кайыңды-Кант компаниясынын келишими боюнча 2025-жылдын январь-февраль айында “Кошой” заводу коңшу өлкөдөн 294 вагонго жүктөлүп келген кант кызылчасын кайра иштетип берди. Кайра иштетилген продукция өз мөөнөтүндө Казакстанга кайтарылган.
Кыргызстандын кайра иштетүү тармагында «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» сыяктуу заводдор иш алып барат. Алар биригип күнүнө 3.8 миң тонна чийки затты, өлкөдө чогулган түшүмдүн баарын жана коңшу мамлекеттердин түшүмүнүн бир бөлүгүн кайра иштеп чыгууга чамасы жетет. Кыргызстан өндүрүштү улам арттырып, Борбор Азиядагы кант өнөр жай тармагындагы позициясын бекемдөөгө даяр.