akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Өлкөдө күйүүчү майды маркалоо системасын киргизүү сунушталды

    Бишкектин айрым май куюучу жайларында АИ-95 майы жетишпейт. Май куюучу жайлардан маалымдалгандай, буга май куюучу жайларга аз өлчөмдө берилип, аз күндө сатылып кеткени себеп болууда. Мурдагы аптанын башында келген АИ-95 бейшемби күнү кечинде түгөнүп, алиге чейин келе элек.  

    Ал арада борбордо жана ага жакын жайгашкан конуштарда күйүүчү май тартыш болуп жаткан чакта, Жогорку Кеңештин депутаттары күйүүчү-майлоочу майга жаңы салык киргизүү маселесин талкуулоодо. Ага ылайык, май куюучу жайларда сатылган күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон алынат. Бул бардыгына жаккан жок, бирок 3-октябрдагы биринчи окууда колдоо тапты.  

    Ошол эле учурда, Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдө күйүүчү майларды маркалоону киргизүү пландарына олуттуу тынчсыздануусун билдирип, муну ишке ашыруу Кыргызстандын бизнеси жана экономикасы үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн деп эсептейт.

    Негизги маселелердин бири - маркалоо чыгымдарынын белгисиздиги. Салык кызматынын маалыматы боюнча, маркалоо кызматынын болжолдонгон баасы күйүүчү майдын литрине 40 - 50 тыйынды түзөт, бирок бул баа импорттук маркерлерге болгон баалардын туруксуздугуна байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Ассоциация маркалоону киргизүү ансыз да чоң салыктар менен төлөмдөргө туш болгон нефтетрейдерлердин каржылык жүгүн бир топ жогорулатарын эскертет. Натыйжада кошумча чыгымдар акыркы керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын кымбатташына жана инфляциялык тобокелдиктердин жогорулашына алып келиши мүмкүн.

    Ассоциация ошондой эле маркалоо системасынын ачык-айкын эместигине жана даярдыгына тынчсыздануусун билдирди. Күйүүчү майды маркалоо стандарттары талаптагыдай иштелип чыккан эмес, аны ишке ашырууга жооптуу эксплуатациялоочу компания “Учкун” ААКнын мунай тармагында жетиштүү тажрыйбасы жок.

    Нефтетрейдерлер маркалоону ишке ашыруунун шарттарын кайра карап чыгууга чакырып, 1-2 жылдык мөөнөткө пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү сунуштап жатышат, бул бизнеске ыңгайлашууга жана баалардын кескин өсүшүнө жана экономика үчүн терс кесепеттерге жол бербөөгө мүмкүндүк берет. 

    Мындан тышкары, нефтетрейдерлер жаңы төлөм логистикага да таасирин тийгизерин өзгөчө белгилешти. Ош, Талас, Баткен сыяктуу алыскы региондордогу нефтебазалар үчүн марканы алмаштыруу беш күндөн ашык убакытка созулушу мүмкүн, бул май куюучу жайларга жеткирүүнүн кечигип кетүү коркунучун күчөтөт. Кышында, ашуулар жабылганда, бул мезгил бизнес үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.

    Белгилеп кетсек, 4-октябрга карата эң кымбат АИ-95 үлгүсүндөгү бензин Баткен районунун Раззаков шаарында катталган. Анын баасы 74,7 сом болсо, республика боюнча орточо баасы 74 сом.

    АИ-92 үлгүсүндөгү бензин боюнча да абал ушундай, анын баасы эң жогору Ош облусунда – 68,47 сом, ал эми бир жыл ичинде 9,31%га кымбаттаган дизель майы Кербенде (76,2 сом), Кара-Сууда (76,2 сом ) жана Өзгөндө (76,2 сом) эң кымбат.

    “Компаниялар маркалоо үчүн арызды жеткирүүгө үч күн калганда бериши керек жана маркердин керектүү көлөмүн оператор Бишкектеги борбордук кеңседе аныктайт. Бирок, эгерде күйүүчү майдын көлөмүндөгү дал келбестик 2%дан ашык болсо, маркерди алмаштыруу керек, бул өзгөчө алыскы аймактар ​​үчүн көйгөйлүү. Алмаштыруудагы кечеңдөөлөр унаалардын токтоп калышына алып келиши мүмкүн, бул олуттуу айып салууга алып келет, күйүүчү майдын акыркы баасы керектөөчүлөр үчүн кымбатташы мүмкүн”, - деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.

    Айта кетсек, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы барган сайын өсүүдө. Маселен, жыл ичинде өткөн жылдын 4-октябрынан тартып Кыргызстанда А-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 71,29 сомдон 74 сомго чейин көтөрүлүп, 3,8%га өскөн. Эң көп Кара-Сууда (+3,8 сом) өскөн. Керектөөчүлөр арасында эң популярдуу болгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензин да 3,96%га жогорулап, литри 64,57 сомдон 67,13 сомго чейин кымбаттады. Ал эң көп Балыкчыда өстү (+4,24 сом). А-80 7,97%га жогорулап, 60,81 сомго жетти.

    Салык чогултуу максатыбы?

    Мыйзам долбоору депутаттар арасында да талкуу жаратты. Тактап айтканда, депутат Дастан Бекешев мындай чараларды салыктык эмес төлөмдөр аркылуу эмес, акциз же башка салыктар аркылуу киргизүү керек деген оюн билдирди.

    Ал белгилегендей, сунушталып жаткан жыйым чындыгында салыктын тымызын көбөйүшү болуп саналат, бул салыктар көбөйбөй жатат деген элди адаштырууда.

    “Мен муну акциздик салык же башка салык аркылуу жасаш керек деп эсептейм. Анын ордуна учурда МАИ кызматкерлери жана “Унаа” мамлекеттик ишканасы унааларды каттоодо жана кайра каттоодо чогултуп жаткан транспорт салыгын алып салса болмок. Бул жаңы жыйымды башкаруу татаал болот. Ал тургай, май куюучу жай ээлеринин да иши татаалдашат. Алар Транспорт министрлигине кошумча отчет бериши керек”, - деди Бекешев.

    Ачык булактарга таянсак, күйүүчү майларга жыйым алуу тажрыйбасы Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана башка өлкөлөрдө бар.

    Мисалы, Азербайжанда “Автомобиль жолдору” деген фонд бар. Жол салыгы бар, ага күйүүчү майга атайын салык жана чет элдик унааларга салык кирет. Бул салык Азербайжандын Салык кодекси менен жөнгө салынат жана өлкөдө өндүрүлгөн же импорттолгон күйүүчү майга алынат. Салык ставкасы литрине 0,02 манатты (болжол менен 0,012 долларга) түзөт жана ал күйүүчү майдын бардык түрлөрүнө, анын ичинде бензинге, дизелдик отунга жана суюлтулган газга тиешелүү. 

    Кыргызстандагы жолдорду оңдоо 

    Учурда Кыргызстандын Жол фондун күйүүчү-майлоочу майларга акциздик салыктар, жолдорго жана транспортко байланыштуу жыйымдар жана айыптар (каттоо, өткөрүү, таразага тартуу, жасалма курулуштарда жүрүү), республикалык бюджеттен чегерүүлөрдүн эсебинен толтурулууда. 

    “Чындыгында республикалык бюджеттен 2 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт, бул жолдун 1 чакырымына 100 сомдун тегерегине туура келет, бул аларды талаптагыдай тейлөө үчүн жетиштүү эмес”, — деп айтылат негиздемеде.

    Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанда 34 миң чакырым жол болсо, анын 19 миң 840 чакырымы Транспорт министрлигинин карамагындагы жалпы пайдалануудагы жолдор. 


    Тектеш материалды окуу

    • Кытайдын эң ири алтын кени дүйнөлүк баалуу металлдар рыногун өзгөртө алабы?
      Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы калыбына келе баштады. Бирок, айрым талдоочулардын айтымында, Кытайда запасы 83 миллиард долларга бааланган эң ири алтын кенинин ачылышы келечекте анын баасына олуттуу таасир тийгизет.
      2024-03-12 09:07:14
    • Өлкөдө күйүүчү майды маркалоо системасын киргизүү сунушталды
      Бишкектин айрым май куюучу жайларында АИ-95 майы жетишпейт. Май куюучу жайлардан маалымдалгандай, буга май куюучу жайларга аз өлчөмдө берилип, аз күндө сатылып кеткени себеп болууда. Мурдагы аптанын башында келген АИ-95 бейшемби күнү кечинде түгөнүп, алиге чейин келе элек.
      2024-08-10 10:03:34
    • Орусиянын рыногу кыргыз кийимдеринен баш тартуудабы?
      Made in KG брендиндеги кийим-кечелерди чет өлкөгө жеткирүү кескин төмөндөдү. Бул макалада “Акчабар” талдаган 23 кийимдин 17син экспорттоо төмөндөп кеткен. Бул Кыргызстандын кийимдерин негизги сатып алуучу Орусиянын Кыргызстандан кыйла азыраак сатып ала баштаганын көрсөтөт.
      2024-01-10 01:55:43