akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2025-16-01, 17:37

    Биздин өнөктөштөрдүн аракеттери таң калыштуу – Амангелдиев «Керемет Банкка» каршы санкциялар боюнча комментарий берди

    АКШнын Финансы министрлиги "Керемет" банкты орус бийлиги жана “Промсвязьбанк” менен биргеликте санкциялардан качууга катыштыгы бар деген жүйө менен SDN (Specially Designated Nationals and Blocked Persons) тизмесине киргизди. “Промсвязьбанк” Орусиянын коргонуу тармагын каржылоодо негизги ролду ойнойт жана 2022-жылдан бери АКШнын санкцияларынын тизмесинде.

    АКШнын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын жайынан бери "Керемет Банк" “Промсвязьбанктын” транс чек аралык операцияларына жардам берип келет. Банкты санкциялык тизмеге киргизүү чечими 2024-жылы банктын акцияларынын контролдук пакети орусиялык ишкер менен байланышы бар компанияга сатылгандан кийин тездетилгени айтылууда.

    Акционерлердин жаңы структурасы эл аралык чектөөлөрдү айланып өтүүгө багытталган иш-аракеттерди улантууга көмөктөшкөн деген жүйө айтылууда. 

    "Керемет Банк" мындай айыптоолорду четке кагууда. 

    "Банк АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгына (OFAC) кайрылат, анткени мыйзам бузуулар боюнча айыптоолор далилденген эмес ", - деп айтылат банктын билдирүүсүндө.

    Бирок, санкциялар банк үчүн эле суроолорду жаратпайт. АКШнын Финансы министрлиги “көйгөйлүү” деп атаган мезгилде “Керемет банк” Кыргызстандын Финансы министрлигине таандык болгон.

    2024-жылдын март айында Финансы министрлиги банктын 97,45% акциясын Улуттук банктан 7,1 млрд сомго сатып алган. 2024-жылдын декабрь айында акциянын контролдук пакети (75%) жеке инвесторго 6,5 млрд сомго сатылып, бирок мамлекет банктын 22,45% өлчөмүндөгү үлүшүн сактап калган.

    Вице-премьер-министр Данияр Амангелдиев “Акчабардын”  кабарчысы менен болгон маегинде АКШнын “Керемет банкка” каршы санкция киргизүү чечимине таң калганын жана тынчсыздануусун билдирди.

    “Биздин өнөктөштөрдүн аракеттери таң калыштуу, анткени “Керемет Банк” чындап эле мамлекеттик банк болгон жана сөз болуп жаткан мезгилде ал Улуттук банктын тышкы башкаруусунда болгон. Биз аны менчиктештирүүгө даярдап жатканбыз. Эч кандай шектүү операциялар жасалган эмес. Акциянын контролдук пакети сатылгандан кийин да банк тыкыр көзөмөлдө болгон. Санкцияланган товарлар же транзакциялар болгон эмес, андан тышкары “Промсвязьбанк” менен эч кандай операциялар жүргүзүлгөн эмес”, - деп баса белгиледи ал.

    Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын айтымында, кыргыз бийлиги буга чейин АКШнын Финансы министрлиги менен шашылыш сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү суранган. 

    “Азыркы тапта бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болот. Банктын шектүү схемаларга тиешеси жок экенин далилдеш үчүн биз бардык документтерди, анын ичинде банктын төлөм операциялары боюнча маалыматтарды берүүгө даярбыз. Биз бул маалыматка абдан таң калдык, эми америкалык бийликтер тарабынан бул чечимдин себептерин билүү маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

    Данияр Амангелдиев белгилегендей, санкциялар “Керемет банктын” алдыңкы жылдарга так милдеттери жазылган инвестициялык келишимдин аткарылышына коркунуч туудурат.

    “Бул чечим “Керемет Банктын” инвестициялык милдеттенмелеринин аткарылышына шек келтирет. Анткени, алдыдагы бир нече жылда аткарышы керек болгон милдеттенмелери бар болчу", - деп жыйынтыктады ал.


    Тектеш материалды окуу

    • Көп функционалдуу тиркемелер дүйнөнү багынтууда: Кыргызстанда алардын бири MegaPay тиркемеси
      Бүгүнкү күндө жөнөкөй тиркемелер менен смартфон колдонуучуларын таң калтыруу кыйын. Тиркемеде жөнөкөй коммуналдык төлөмдөрдү төлөө же тамак-аш жеткирүү буйрутмаларын берүү буга чейин эле негизги стандарт катары кабыл алынган.
      2025-22-01 04:00:00
    • Кыргызстандык окумуштуулар жүрөк ооруларын аныктоодо жасалма интеллекти колдонууда
      Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде баш калкалагандарды дарыгерлер акысыз медициналык кароодон өткөрүштү. Алар диагностикада жасалма интеллекттин жардамы менен жүрөк жетишсиздигинин алгачкы белгилерин аныкташкан.
      2025-10-01 05:32:39
    • Apple Борбор Азияда Xiaomi жана Samsung брендинен артта калды
      2024-жылдын августунда уюлдук телефондордун дүйнөлүк рыногунда Apple (Iphone) алдыңкы лидер болду. StatCounter агентинин маалыматы боюнча, компаниянын продукциясы дүйнөлүк рыноктун 27,6%ын ээлеген. Бирок, анын атаандашы Samsung 23,6% менен 4 пайыздык пунктка гана артта калууда. Алдыңкы үчтүкка Кытайдын Xiaomi бренди чыккан, анын рыноктук үлүшү 12%ды түзгөн. Ал эми OPPO жана Vivo дагы алдыңкы бешти
      2024-26-09 05:08:14