akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-22-01, 10:00

    Көп функционалдуу тиркемелер дүйнөнү багынтууда: Кыргызстанда алардын бири MegaPay тиркемеси

    Бүгүнкү күндө жөнөкөй тиркемелер менен смартфон колдонуучуларын таң калтыруу кыйын. Тиркемеде жөнөкөй коммуналдык төлөмдөрдү төлөө же тамак-аш жеткирүү буйрутмаларын берүү буга чейин эле негизги стандарт катары кабыл алынган. Мына ушундан улам ,монофункционалдуу чечимдер колдонуучуга көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамиле кылууну сунуш кылган ондогон кызматтарды бириктирип, көп функциялууларга алмаштырылды. Бул тенденция дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ болуп, колдонуучулардын күтүүлөрүн гана эмес, санариптик өнүмдөрдү иштеп чыгууга болгон мамилени да өзгөртөт.

    Кыргызстан глобалдык өзгөрүүлөрдөн четте калган жок жана мындай тиркемелерди түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Өлкөдөгү ийгиликтүү мисалдардын бири MegaPay санариптик платформасы болуп саналат, ал рынокто өзүн көргөзө алды. MegaPay ар кандай кызматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүн гана камсыз кылбастан, ал көптөгөн тиркемелерди алмаштыра ала турган универсалдуу курал болуп калды. Бул экосистема баарына керектүү функцияларды чогулткан. Сиз коммуналдык кызматтарды төлөөгө, карталарга которууларды жүргүзүүгө жана тиркемеде 700дөн ашык мамлекеттик кызматтарды алууга болот.

    MegaPay тиркемесинде колдонуучулар бардык негизги мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат. Тиркеме Tunduk тиркемеси менен интеграцияланган, ал жарандарга түздөн-түз смартфон аркылуу арыздарды берүүгө, маалымкаттарды жана башка расмий документтерди алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, MegaPay кезекке туруу же административдик процедураларды бүтүрүүнүн башка жолдорун издөө зарылдыгын жокко чыгарып, айыптарды, салыктарды жана башка мамлекеттик жыйымдарды төлөө мүмкүнчүлүгүн берет.

    Ошондой эле, тиркеме айдоочулар үчүн да пайдалуу. Атап айтканда, MegaPay ОСАГО каттоосун жөнөкөйлөтүп, камсыздандырууну түздөн-түз тиркемеде чыгарууга мүмкүндүк берет. Колдонуучулар камсыздандыруу компанияларынын кеңселерине барбастан эле тарифти тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, полисти электрондук түрдө ала алышат. Бул убакытты үнөмдөйт. 

    MegaPay тынымсыз өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 3 миң кызмат көрсөтүүнүн чегинен ашты. Бул иштеп чыгуучулардын колдонуучунун муктаждыктарына ыңгайлашууга жана жаңы чечимдерди сунуштоого умтулуусун тастыктайт.

    MEGA адистери тынымсыз функцияларды кеңейтүү үстүндө иштеп жатышат, бул 2024-жылы тиркеме мамлекеттик баалуу кагаздар менен иштөөгө жөндөмдүү болгонунан көрүнүп турат.

    MegaPay санариптик чөйрөнү өзгөртүүнү улантууда, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту жана коопсуздукту сунуш кылган күчтүү куралга айланууда. Тиркеменин учурда 700 миңден ашык колдонуучусу бар. 


    Тектеш материалды окуу

    • Орусиядан кайтып келген кыргыздар Европага ыктоодо: миграциялык карта кандай өзгөрүп жатат?
      Акыркы үч жылда Орусиядан Кыргызстанга 113 миңден ашык эмгек мигранты кайтып келди. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Бирок алардын көбү Европа жана башка өлкөлөргө ыктоодо
      2025-14-04 10:57:57
    • Эски телефонду жаңысына кантип алмаштырса болот?
      Телефонду канча жылда бир алмаштырып турасыз? Улуу Британияда адамдар телефонду орточо 3 жыл 4 ай дегенде бир жаңылап турарын, өмүрүндө телефонду 19 жолу алмаштыра турганын эсептеп чыгышкан. Айрымдар телефонду андан да бат жаңылайт эмеспи. Мисалы мен 25 жашка келип, жөнөкөй уюлдук телефонду эсепке албаганда, 12-смартфонду көтөрүп жүрөм (техника деген нерсе мени анча жактырбайт окшойт – ред.).
      2025-28-03 11:35:26
    • Миллиардер аялдардын катары калыңдады: бүгүнкү күндө каржы дүйнөсүн ким башкарат?
      2023-жылдын аягында дүйнөдө миллиардерлердин саны 3 миң 323кө жеткен, анын 431и аялдар. Аялдар дагы эле азчылыкты түзсө да, бул тенденция финансылык элитанын структурасында узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
      2025-13-02 10:47:31
    • Медтуризм: блефаропластика боюнча Бишкекке келген чет элдиктер көп
      Соңку жылдары Кыргызстан эстетикалык медицинанын чыныгы борбору болуп калды. Өзгөчө кыргызстандык пластикалык хирургдар блефаропластика жаатында эл аралык деңгээлде таанылды. Бишкекке эстетикалык хирургия боюнча дүйнөлүк лидер деп эсептелген Орусия, Казакстан, Европа, ал тургай Түштүк Кореядан да бейтаптар келүүдө.
      2025-04-02 06:00:02