2024-жылы Кыргызстандын банк сектору олуттуу түрдө өнүктү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, коммерциялык банктардын активдери 32,8%га өсүп, 815,7 млрд сомго жеткен. Бул өсүш финансылык ортомчулуктун кеңейгендигин жана банк мекемелерине болгон ишенимди далилдейт.
2023-жылдын аягында дүйнөдө миллиардерлердин саны 3 миң 323кө жеткен, анын 431и аялдар. Аялдар дагы эле азчылыкты түзсө да, бул тенденция финансылык элитанын структурасында узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын жалпы соода көлөмү 14,6 миллиард долларды түзүп, былтыркыдан 3,7%га өскөн. Мындан тышкары, экспорт 21,3%га өскөн, ал эми импорт, тескерисинче, 0,8% кыскарган. Ошол эле учурда, өлкөнүн жалпы соодасынын 30%дан ашыгы ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен байланышкан.
Акыркы беш жылда Кыргызстандын калкынын кирешеси 77%га өсүп, 2023-жылы 749 миллиард сомго жеткен. Бирок, бул таасирдүү сандардын артында кооптуу тенденция бар. Бул каражаттардын дээрлик жарымы (359,5 млрд. сом) калктын 20% гана колунда топтолгон.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2024-жылдын ноябрь айынын аягында 6 миллиард 551,24 миллион долларды түзсө, анын 4 миллиард 481,14 миллион доллары өлкөнүн тышкы карызы.
Инаугурациясына эки күн калганда, 18-январда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн криптовалютасын ишке киргизгенин жарыялаган. Натыйжада, Дональд Трамптын командасы чыгарган эки мемкоин дароо криптовалюта рыногунда пайда болду: TRUMP жана MELANIA. 19-январда, дүйнөдөгү эң ири крипто биржалардын бири болгон Binance’да расмий TRUMP мемкоинин соодасы башталды.