akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: goldenlab

    Жарыяланган

    2025-26-03, 09:39

    “Жоголгон” алтын: Эмнеге өлкө статистикасында 50 тонна алтындын сатылганы көрсөтүлгөн эмес

    Кыргызстан 2024-жылы, алдын ала маалыматы боюнча, чет жакка 17.8 тонна алтын экспорттогон (тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) коду 7108). Ал мурдагы жылга караганда 11.88%га аз. Бул алтын, анын ичинде өңдөлбөгөн, жарым өңдөлгөн металлдын түрлөрү, ошондой эле платина жалатылган алтын бир нече өлкөгө жөнөтүлгөн. Алтынды эң көп Улуу Британия (дээрлик 15 тонна), Кытайдын атайын административдик району болгон Гонконг (1.8 тонна), Швейцария (971.5 кг) жана Бириккен Араб Эмираттары (13.5 кг) сатып алган. Анын баарын Кыргызстан 1.4 млрд долларга саткан.

    Бир караганда бул кадимки статистикалык маалымат катары көрүнөт. Бирок Кыргызстандан алтынды импорттогон мамлекеттердин маалыматтарына көз чаптыра турган болсок, эки ача маалыматка туш болосуң. 

    Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылга салыштырмалуу былтыр алтын 11.88%га аз сатылган. Мурдагы жылы 20.2 тонна экспорттолгон. Мунун себеби 2023-жылы алтынды көп сатып алган Швейцарияга экспорт кескин азайган: экспорт 17.6 эсе кыскарган. 2023-жылы Швейцария 17.1 тонна сатып алган.

    Былтыр алтын аз сатылганы менен түшкөн киреше кыскарган эмес. 2023-жылы чет жакка көп алтын экспорттолгону менен анын баасы 1.28 млрд долларды түзгөн. Натыйжада алтын аз сатылса да, анын баасы көтөрүлгөндүктөн, түшкөн акча көбүрөөк болгон. 

    Статистикадагы эки ача маалымат: 17.8 тоннабы же 70пи?

    TradeMap эл аралык порталынын маалыматы боюнча, Кыргызстан 2024-жылы 17.8 тонна эмес, аз-кеми жок 70 тонна алтын экспорттогон. Ал 2023-жылга караганда эки эсе (36 тонна) жана Улуттук статистика комитетинде көрсөтүлгөндөн дээрлик 4 эсе көп.

    Андан да кызыгы былтыр алтынды эң көп Улуу Британия эмес, Кытай сатып алган. Ал жакка 30 тонна кыргыз алтыны экспорттолгон. Анын ичинен 26.3 тонна жылдын төртүнчү чейрегинде, башкача айтканда, бир нече ай ичинде жөнөтүлгөн. 

    Ошол эле учурда Улуттук статистика комитетинде Кытайга экспорттолгон алтын тууралуу маалымат жок. Бирок TradeMap порталында көрсөтүлгөндөй, коңшу өлкөгө сатылган алтын Кыргызстанга 2.7 млрд сом алып келген. Ал баалуу металлды чет жакка сатуудан түшкөн жалпы кирешенин ($5.9 млрд) 45%ын түзөт. Салыштырып карасак, өлкөбүздүн Статистика комитетинде алтын экспортунан 4 эсе аз киреше түшкөнү көрсөтүлгөн – болгону 1.4 млрд доллар.

    TradeMap’тин маалыматына ылайык, Кытайдын артынан эле эң көп алтын Швейцарияга сатылган. Ал жакка 23 тонна жөнөтүлгөн (2023-жылга караганда 5 тоннага көп). Улуу Британияга 15 тонна, Гонконгго 2 тонна экспорттолгон: ушул жердеги маалыматтар гана Статистика комитетинин маалыматы менен дал келет.

    Кытай менен соода-сатык жана “жоголгон” алтын

    Кытай менен соода-сатык тууралуу кеп кылсак, расмий маалыматтар боюнча, 2024-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 5.6 млрд долларды түзгөн. Анын көбү – 5.45 млрд доллар -  Кытайдан келген импорт болсо, биздин экспорт болгону 123.6 млн доллар боллгон. Бирок Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2024-жылы январт-ноябрь айларында эки өлкөнүн соода-сатыгы 19.9 млрд долларды түзгөн. Ал эми жыл жыйынтыгы менен 22.1 млрд долларга жеткен.

    Өлкөлөр ортосундагы маалыматтардын эки ача болушу, адатта, эки башка эсептөө ыкмаларын колдонгону менен түшүндүрүлүп келет. Бирок Кытай менен Кыргызстандын бажы маалыматтарынын ортосунда дээрлик 4 эсеге ажырым болуп жатканы кызыгууну жаратат. 

    Бирок кыргыз алтынынын экспорту тууралуу сөзду уласак, улуттук статистикада ал Кытайга экспорттолгону көрсөтүлбөгөндөн тышкары, маалыматтар Швейцария боюнча да дал келбейт. Башкалар 2024-жылы Швейцарияга Кыргызстандан 23 тонна алтын жөнөтүлгөн деп көрсөтсө, биз болсо, бир тоннага жетпегенин, 971,5 тонна эле деп көрсөтүп жатабыз.

    Иштин баары монетардык алтында жатат

    Түшүндүрмө алуу үчүн «Акчабар» Улуттук статистика комитетине кайрылды. Статистика комитети билдиргендей, Евразиялык экономиалык биримдикте (ЕАЭБде) алтын эки категорияга бөлүнөт. Биринчиси – монетардык эмес алтын. Бул категорияга төмөнкүлөр кирет:

    • порошок (коду 7108 11 000 0);
    • эритменин 1000 бөлүгүндө 995тен кем эмес алтын бөлүгүн камтыгын куймалар (коду 7108 12 000 1);
    • башка өңдөлбөгөн формалар (коду 7108 12 000 9);
    • жарым өңдөлгөн формалар, анын ичинде чыбык, зым, пластина жана листтер (коду 7108 13 100 0);
    • башка жарым өңдөлгөн формалар (код 7108 13 800 0).

    Экинчи категорияга борбордук банктардын запастарына тиешелүү монетардык алтын кирет.

    “ЕАЭБдин классификациясы боюнча, монетардык эмес алтын ички жана тышкы соода статистикасында эсеп методологиясына ылайык эсепке алынат, ал эми монетардык алтын ички жана тышкы соода статистикасында эсепке алынбайт”, - деп түшүндүрүштү комитеттен.

    Мекемеден белгилешкендей, Кыргызстандын ички жана тышкы соода статистикасын түзүүдө Статистика комитети бардык жеткиликтүү маалымат булактарын колдонот. Анын негизин Бажы кызматы берген бажы декларация жана башка документтердеги маалыматтар, ошондой эле №1 форма боюнча расмий статистикалык отчет – өз ара соода (айлык) – “ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соода тууралуу отчет” түзөт. Кошумча Статком бекитилген эсеп методологиясына ылайык кошумча маалыматтарды чогултуп, талдоо жүргүзөт. 

    Андан тышкары КР өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 470 “Бажы биримдигине мүчө мамлекттер менен өз ара сооданы жана бөлөк өлкөлөр менен товарлардын тышкы соодасынын статистикасын уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге киргенден тарта аталган уюмга кирбеген мамлекеттер менен тышкы сооданын статистикасын түзүүгө жана жүргүзүүгө Бажы кызматы жооп берет деп белгиленген. Өз кезегинде, Статком ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода боюнча маалыматтарды чогултуп, статистикасын түзөт. Ушул эле токтом менен Статком өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү боюнча маалыматтарды даярдоо, тышкы жана өз ара товар соода-сатыгы статистикасын жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу орган катары белгилеген. 

    Тышкы соода-сатык статистикасына, анын ичинде Кытайга жөнөтүлгөн товарлар боюнча маалыматтарга Мамлекеттик бажы кызматы жооп бере тургандыктан, «Акчабар»  редакциясы бул мекемеге эсепке алынбай калган 52 тоннадан ашык алтын кайдан чыкканы тууралуу суроо узатты. Мекеме берген жообунда, Бажы кызматы Кыргызстандын бөлөк мамлекеттер (ЕАЭБге мүчө эмес) менен тышкы соодасынын бажы статистикасын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы товар соода-сатыгынын бажы статистикасын жүргүзүү методологиясына ылайык түзө турганын белгиледи. Ал методологиянын 4-пунктуна ылайык, товарлардын тышкы соодасынын статистикасы  үчүн негизги маалымат булагы катары бажы декларацияларында камтылган маалыматтар колдонулат.

    Ошондой эле Бажы кызматы Улуттук статистика комитетинин монетардык алтын тышкы соода статистикасында эсепке алынбай турганы тууралуу билдирүүсүн тастыктады. 
    Ошол эле учурда Бажы кызматы Статистика комитети Кыргызстандын тышкы соода статистикасынын көрсөткүчтөрүн түзүүдө мамлекеттик статистикалык отчеттун жана бажы статистикасынын маалыматтарын колдоно турганын белгиледи. Ал эми монетардык алтын экспорту боюнча Улуттук банктын гана маалыматтарына таянат. 

    “Методологияга ылайык, товарлардын эсеби экспорт учурунда товар жөнөтүлө турган өлкөгө карап, ал эми импортто болсо, товар чыккан өлкөгө карап жүргүзүлөт. Бул деген Кыргызстандын алтынынын экспорту тууралуу маалыматты өнөктөш мамлекеттердин алтын импорту тууралуу маалыматы менен салыштыра келгенде, иш жүзүндө бөлөк мамлекеттен ташылып келген кыргыз алтыны алардын статистикасында Кыргызстандан импорттолгон деп көрсөтүлүп калуу ыктымалдуулугу бар”, - деп билдирет Бажы кызматы.

    Ошондой эле аталган мекеме билдиргендей, өңдөлбөгөн формадагы жана эритменин 1000 бөлүгүндө 995тен кем эмес алтын бөлүгүн камтыган куйма алтындын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7108) 2024-жылдагы жалпы экспорту 1 млрд 342.4 млн долларды түзгөн. Алардын ичинен 1 млрд 212.1 млн долларга Улуу Британияга, 129.4 млн долларга Гонконгго жана 900 миң долларга Бириккен Араб Эмираттарына экспорт жасалган.

    Кыргызстан Кытай менен чек ара соодасынын эсебин жүргүзбөйт
    Башында айтылгандай Кыргызстан менен Кытайдын статистикасындагы эки ача маалымат алтынга эле тиешелүү эмес. Жалпы товар жүгүртүүдө маалыматтар айырмаланып турат. 

    Кыргызстандын маалыматы:

    • жалпы соода-сатык – $5 млрд 825.5 млн;
    • импорт – $5 млрд 702.9 млн;
    • экспорт — $122.6 млн.

    Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы:

    • жалпы соода-сатык – $22 млрд 710.6 млн;
    • Кыргызстанга экспорт – $19 млрд 906.2 млн;
    • Кыргызстандан импорт – $2 млрд 804.4 млн. 

    Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүчтөр  товар-ташуу операциялары боюнча ТЭИ ТН 8703, 8704, 8709 коддору боюнча таризделген унаа каражаттарын эсепке алат.

    “Кыргызстан менен Кытайдын 2024-жылдагы өз ара соода-сатыгынын маалыматтарын талдоо көрсөткөндөй, айырманын негизги себеби тышкы соода операцияларын эсептөөдө эки башка методологиянын колдонгондугунда болууда. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кытайдан Кыргызстанга жасалган экспорттун негизги бөлүгү чек арадагы соода товарларына туура келип, ал 14.4 млрд долларды же Кытай экспортунун 72%ын түзөт. Кыргызстандын бажы статистикасында чек ара соода-сатыгынын эсеби жүргүзүлбөйт”, - деп билдирет Бажы кызматы.

    Корутунду

    Улуттук статистика комитети жана Бажы кызматы берген маалыматка таянып, 52 тоннадан ашык алтынга байланыштуу айырма Кыргызстанда жана өнөктөш мамлекеттерде тышкы соода-сатыктын статистикасында эки башка эсептөө методологиясы колдонулгандыктан келип чыгууда деген жыйынтык жасаса болот. 

    Биринчиден борбордук банктардын запастарына тиешелүү болгон монетардык алтын тышкы соода статистикасында эсепке алынбайт. Жыйынтыгында анын экспорту бажы маалыматтында чагылдырылбайт, бирок Улуттук банктын отчетторунда көрсөтүлүшү мүмкүн. 

    Экинчиден, товарларды эсепке алуу системасы товар чыккан жана жөнөтүлгөн өлкөгө жараша айырмаланып турат. Бул деген кыргыз алтыны башка мамлекеттердин статистикасында Кыргызстандан импорттолгон деп көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө бөлөк өлкөдөн ташылып келген болушу ыктымал.

    Үчүнчүдөн Кыргызстан менен Кытайдын өз ара соодасындагы чоң (16 млрд доллардан ашкан) айырмачылык экспорттун бир бөлүгү чек ара соодасы аркылуу өткөн болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Ал эми кыргыз статистикасында чек ара соодасынын эсеби жүргүзүлбөй турганы белгилүү болду.


    Тектеш материалды окуу