akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2025-13-02, 12:01

    Жабдуулар жетишсиз: «Кыргыз Винд Систем» түркиялык компания жүктү кечиктирип жатканын билдирди

    "Кыргыз Винд Систем" ишканасы 2024-жылы Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине “Miss Project International Heavy Transport” түрк логистикалык компаниясынын айланасындагы кырдаал боюнча кайрылган. Бул тууралуу "Акчабарга" компаниянын башкы директору Асан Садыков билдирди. Алар келишимди жана дүмүрчөктөрдү Түркиянын элчилигине жөнөткөнүн, түркиялык логистикалык компания милдеттенмелерин аткарбай жатканын билдирди. 

    Буга чейин “Miss Project International Heavy Transport” компаниясы “Акчабар” менен байланышып, “Кыргыз Винд Систем” келишимдин шарттарын аткарбай жатканын, кыргызстандык компания 200 миң доллардан ашык карыз экенин айткан. 

    Бирок, Асан Садыковдун айтымында, “Кыргыз Винд Систем” бардык финансылык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарганын жана “Miss Project” компаниясынын дооматтары негизсиз экендигин билдирди. Анын айтымында, компания жүк ташуу үчүн 91,2 миң доллар төлөгөн, бул 137,5 миң долларлык келишимдин жалпы суммасынын 66%дан ашыгын түзөт.

    “Бардык төлөмдөр өз убагында жана келишимдин шарттарына ылайык аткарылды”, - дейт Садыков.

    Буга карабастан жабдууларды ташып келүү аякталбай калган. Жабдуулардын келишинин токтоп калуусу тууралуу маалыматты текшерүү үчүн 2024-жылдын 13-ноябрында “Кыргыз Винд Системдин” өкүлдөрү Бакуга барышкан.

    Асан Садыковдун айтымында, ал “Net Logistics” компаниясынын өкүлү Октай Вайич менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн.

    “Биз аныктагандай, 06 BDY 341 мамлекеттик номурлуу унаа Азербайжанга кирбей түз эле Кыргызстанга кеткен. Бул “Miss Project” компаниясынын Бакудагы транспорттун токтоп калуусу тууралуу айткандарына шек туудурат. 06 SOM 276 жана 06 DH 9916 номурлуу дагы эки унаа 2024-жылдын 19-сентябрында Баку-Элет портунан чыгып, Казакстандын Актау портуна багыт алышкан. Башкача айтканда, Бакуда көп убакыт токтогон эмес, бирок кечигүү каттамдын башка этаптарында болду”, - деп белгиледи “Кыргыз Винд Систем” ишканасынын жетекчиси.

    Компаниянын айтымында, келишимдин шарттарына ылайык, жүк толугу менен Кыргызстандын бажы аймагына жеткирилиши керек болчу. Бирок, учурда анын турган жери белгисиз бойдон калууда. “Miss Project” компаниясы жабдуулардын кайда жайгашканы тууралуу маалымат берген эмес жана аны Казакстандын аймагына түшүрүп жаткандыгы тууралуу кыргыз тарапка билдирбеген, бул келишимди одоно бузуу болуп саналат.

    Асан Садыков долбоордун ишке ашуусуна создуктурулган жагдай терс таасирин тийгизгенин баса белгиледи. Учурда шамал турбиналары үчүн бетон фундаменттери толугу менен даяр, бирок жабдуулардын жетишсиздиги мындан ары курулуш иштерин баштоого мүмкүндүк бербей жатат. Буга байланыштуу “Кыргыз Винд Систем” 2024-жылдын 19-декабрында Түркиянын элчилигине жаңжалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү суранган расмий кайрылуу жолдогон.

    Кыргызстандык компания “Miss Project” компаниясына келтирилген чыгымды, анын ичинде курулуштун кечеңдешинен улам кеткен чыгымды төлөп берүүсүн талап кылган. 

    “Биз сүйлөшүүлөргө ачыкпыз жана конструктивдүү диалогго даярбыз, аталган логистикалык компаниянын келишим боюнча өз милдеттерин аткарышын талап кылабыз”, - деди Асан Садыков.

    Компаниянын жетекчисинин айтымында, “Кыргыз Винд Систем”  кырдаалдан чыгуунун жолдорун издөөнү улантууда жана талаштын тез арада чечилишин күтүүдө.


    Тектеш материалды окуу