Жарыяланган
2025-24-03, 13:49Кыргызстандын айыл чарба тармагы барган сайын өнүгүп, учурда өлкө ИДПсынын дээрлик 13%ын түзүүдө. Бул тармакта баар таап кетиш үчүн ошончо мээнет, каражат жумшаш керек. Жер семирткичтерге, техникага жана мал башын көбөйтүүгө бир топ инвестиция зарыл. Ал үчүн акчаны банктардан алууга болот.
“Акчабар” кайсы банктар айыл чарба багыты үчүн насыя бере турганын жана кайсылары эң пайдалуу шарттарды сунуштай турганын талдап көрдү. Учурда айыл чарбаны өнүктүрүүгө каражатты өлкөдөгү 21 банктын 12си берет. Аларда орточо үстөк чен 14%дан башталып, банкка жана күрөө боюнча талаптарына жараша айырмаланышы мүмкүн.
Агронасыя алып жатканда пайыздык ченге, төлөө мөөнөтүнө жана жашыруун комиссиялардын чыгып калбашына көңүл буруу зарыл. Ошондой эле күрөөгө кандай талаптар коюлганын, акчаны кайтаруу шарттары кандай экенин, зарылдык жаралса, насыянын мөөнөтүн жылдырууга болос-болбосун билип алуу туура болот. Бул сиздин ишиңизге ылайыктуу насыяны алууга жардам берет.
Арийне пайыз чендери эң аз насыя мамлекет тарабынан берилет. Азыркы тапта “Айыл чарба өнөр жай комплексин насыялоо”, “Айыл чарбасын каржылоо-13” жана “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” сыяктуу атайын программалар бар. Адатта алардын чендери 10%дан ашпайт. Алардын негизги максаты – дыйкандарга жумуш шарттарын жакшыртып алууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө колдоо көрсөтүү. Бул насыялар эки мамлекеттик банк – «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Бул жеңилдетилген насыя болгондуктан, ар бир дыйкан аны алууну каалайт. Бирок программанын өзүнүн шарттары, кезек системасы бар жана ага баары эле туура келе бербейт. Бирок башка банктар да айыл чарба багыты боюнча насыя бере турганын унутпайлы.
Өлкөдө каржы системасы өнүгүп жаткандыктан, ар бир банк башкасынан айырмаланган сунуштарды берүүгө далалат кылат. Эгер бири арыздарды 2 күн ичинде караса, башкалары акчаны чет элдик валютада берет, үчүнчүсү ондогон млн сом каражат бере алат.
Алсак, KICB’нин агронасыясынын пайыздык чени 16%дан башталып, алар 36 млн сомго чейин берүүгө даяр. «Демир Банк» KFW программасынын алкагында жанагыдай эле чен менен 37 млн сомго чейин берет. «Бай-Түшүмдүн» пайыздык чени 17%дан, «Капитал Банктыкы» 18%дан башталат. Ошол эле учурда «Капитал Банк» насыяны доллар жана евро менен да берет. Mbank, «КСБ Коммерциялык Банк», «Оптима Банктын» чени 20%га чейин барат.
Чакан чарбалар үчүн пайыздык чен эле эмес, банктын аз суммаларды бергени да маанилүү: маселен «Компаньон Банкы» 5 миң сомдон (чени 20%дан) баштап насыя берет. Бул чакан ишкерлер үчүн ыңгайлуу.
«ФинансКредитБанк КАБ» менен «ФИНКА Банктын» чендери 20%дан башталып, андан өйдө кетет.
Буга чейин аты аталган «Айыл Банк» менен «Элдик Банк» эң ыңгайлуу шарттарды сунуштай турганын айтса болот. Бул эки банк мамлекеттик насыялардан тышкары өзүнүн да агронасыяларын беришет. Алардын пайыздык чендери 14%дан башталат – бул өлкө банктарынын арасында эң азы болуп саналат.
Эгер аталган эки мамлекеттик банкты салыштыра турган болсок, «Айыл Банк» түрдүү багыттар боюнча насыя сунуштайт. Ал жакта насыяны мал чарбачылыгына жана өсүмдүк өстүрүүгө гана эмес, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, айыл чарба товарларын өндүрүүгө алууга болот. Андан тышкары банк насыяны үч валютада берет: сом, доллар жана евро. «Элдик Банктын» сайтында насыялар улуттук валютада гана берилери айтылган.
Дыйкан чарбасында техника сатып алууга көп каражат кетет. Мындан улам керектүү техниканы бөлүп төлөп алууга шарт түзгөн лизинг программалар иштейт. Айрыкча бул техника сатып алуу үчүн чоң акчаны бир төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондор, бирок заманбап техника алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу. Лизинг акчаны айыл чарба техникасы иштетилген сезонго карап төлөөгө шарт түзгөнү менен да ыңгайлуу.
Кыргызстанда айыл чарба техникасын лизингге үч банк берет:
Дыйкандар үчүн пайыздык чени аз насыя алуу гана эмес, башка жактарын да эске алуу маанилүү – мөөнөтү, сезон учурунда төлөө мүмкүнчүлүгү, насыя берилген валюта. Аты аталган банктардын арасынан «Айыл Банк» пайыздык ченинин аздыгы, ийкем шарттары, каржылоо жолдору менен, айыл чарба техникасын лизингге бергени жагынан башкалардан жакшыраак, ыңгайлуу десе болчудай. Айыл чарба тармагында иш алып баргандар насыя алуудан мурда талдоо жүргүзүп, ишин илгерилетүүгө көмөк бере турган шарттарды сунуштаган банктарды тандаганы жакшы.