akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-01-10, 09:00

    1-октябрдан тартып идентификацияланбаган электрондук капчык жана мобилдик тиркемелер иштетилбейт

    2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык жана мобилдик тиркемелерге финансылык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. 

    [news 28520]

    1-октябрдан тартып идентификациядан  өткөн  электрондук капчык жана мобилдик тиркемелер жеткиликтүү болот. 

    2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери /агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар электрондук акча системасынын операторуна же төлөм уюмунун агентине кайрыла алышат. Мында коммерциялык банктар же төлөм системасынын оператору же электрондук акчалардын банк-эмитенти электрондук акча системасынын операторунан боло алышат.  

    Идентификацияланган электрондук капчык – бул, ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык. 

    Идентификацияланбаган электрондук капчык – бул, эмитенттин талаптарына ылайык жана ачык офертанын негизинде электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр) жардамы менен аралыктан /обочо туруп жеке адамдар тарабынан ачылган электрондук капчык. 


    Тектеш материалды окуу