akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-08-10, 14:10

    БШК шайлоо бюллетендерин даярдоого дээрлик 20 млн сом сарптайт

    БШК шайлоо бюллетендерин даярдоого дээрлик 20 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.

    Тендердин баасы 19 миллион 684 миң сомду түзөт. 

    Белгилеп кетсек, бул жолку жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бюллетендер адаттагыдай бир басмаканадан чыгарылбайт. Тагыраагы, ар бир тилкеде шайлоочуларды идентификациялоо боюнча модернизацияланган жабдуулар орнотулат. Алар шайлоочуну бармагы же жүзү аркылуу таанып, тизмеде бар болсо, атайын принтерден добуш берүүчү бюллетенди чыгарып берет. 

    Кыргызстанда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген.


    Тектеш материалды окуу