akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-24-12, 10:58

    Абдикарим Алимбаев Чек ара кызматынын башчысы болуп дайындалды

    УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы болуп президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев дайындалды.

    Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Баткен облусун Айбек Шаменов башкармай болду. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору кызматын ээлеген.


    Тектеш материалды окуу