Жарыяланган
2024-24-12, 10:32УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев иштен алынды.
Белгиленгендей, алар башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетишти.