Жарыяланган
2023-29-06, 07:42Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады. Ал жеке секторду каржылоо аркылуу туруктуу өсүүгө багытталган.
2023-жылдан 2027-жылга чейин АӨБнын Кыргыз Республикасындагы операциялары үч стратегиялык артыкчылыкка багытталат — бардыгы үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
АӨБ транспорт, энергетика, айыл чарба жана мамлекеттик секторлордогу ишмердүүлүккө артыкчылык берет. Стратегия Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы менен макулдашылган.
”Коронавирустан бери жакырчылык кескин өстү. Бул азык-түлүккө жана энергияга баанын кескин көтөрүлүшүнөн улам күчөгөн. Жаңы программа аркылуу АӨБ ишенимдүү жана туруктуу энергияга, транспортко жана шаарларды өнүктүрүүгө, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарына жетүүнү жакшыртуу чараларын колдойт. Банк климат жана табигый кырсык коркунучу маселелерин чечүүдө өкмөттүн артыкчылыктарын колдойт. АӨБ ошондой эле мамлекеттик секторду башкарууну, саясатты жана институттарды чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди банк.
Мындан тышкары, АӨБ өз ишмердүүлүгүндө гендердик теңчиликти илгерилетүүнү улантат жана билимге негизделген чечимдер жана долбоорлор аркылуу аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн максаттуу иш-чараларга инвестиция салат.