Жарыяланган
2023-27-04, 02:36Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызын төлөөгө 22,1 миллиард сом бөлгөн, анын 17,2 миллиард сому негизги карызды, 4,8 миллиард сому пайыздарды төлөөгө кеткен. Калган акча карызды төлөөгө байланыштуу кошумча чыгымдарды жабууга жумшалган.
62%дан ашык же 13,8 млрд сомду түзгөн чыгашалардын негизги үлүшү төрт кредиторго, тактап айтканда, Кытай (6,6 млрд сом), Азия өнүктүрүү банкы (2,7 млрд сом), Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (2,6 млрд сом) жана Эл аралык валюта фондуна (1,8 млрд сом) төлөөгө багытталган.
Каражаттын олуттуу бөлүгүн Кыргызстан эки тараптуу насыяларды төлөөгө жумшады. Бул максаттарга 11,5 миллиард сом бөлүнсө, 10,7 миллиард сом көп тараптуу кредиттерди жабууга кеткен.
Мындан тышкары, республиканын эки тараптуу кредиттери Кытай, Германия, Дания, Франция сыяктуу өлкөлөрдөн берилсе, көп тараптуу насыялар Инфраструктуралык инвестиция боюнча Азия банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду сыяктуу институттар тарабынан берилүүдө.