Жарыяланган
2025-12-03, 09:27Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгынын элчиси Николас Боулер, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салууда англис укугун колдонуу маселелери боюнча эл аралык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл инвестициялык жана башка коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө багытталган көз карандысыз арбитраждык механизмди түзүүнүн келечегине бурулду. Бул механизм жалпы англис укугунун нормаларын, ошондой эле башка жалпы укук юрисдикцияларынын эрежелерин жана принциптерин колдонуу менен иштейт деп болжолдонууда.
Мындан тышкары, бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзө турган өзгөчө укуктук режими бар атайын инвестициялык аймакты (ИТТ) түзүү демилгеси талкууланды.
"Биз инвесторлордун биздин укуктук системага ишенимин арттыруу үчүн эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде англис укугун үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдарбыз", - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Николас Боулер “Улуу Британия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүү үчүн укук тармагындагы экспертизасы жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр” деп белгиледи.