akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-14-03, 10:22

    «Бедел» өткөрүү пунктун жаңылоо пландалууда

    Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Аксу уездинин губернатору Адили Али баштаган делегация менен жолугушту.

    Ал кыргыз тараптын Аксу району менен өзгөчө транспорт, логистика жана туризм тармагында кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Адили Али аймактардын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

    Тараптар “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын модернизациялоо жана транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Аксуу районунун башчысы ошондой эле Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин сунуштады, бул эки өлкөнүн экономикалык байланышын бир топ жогорулатат деп күтүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу