akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-10, 16:35

    Айылдык кеңештерге депутаттыкка 10 миңден ашуун адам ат салышат

    Айылдык кеңештерге депутаттыкка 10 миңден ашуун адам ат салышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, алардын көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр.

    Ошол эле учурда жалпы мандаттардын саны 5 миң 391ди түзөт.

    Алдыда талапкерлер тапшырган документтерди текшерүү жана каттоо жүрөт. Аймактык шайлоо комиссиялары бул ишти 28-октябрга чейин бүтүрүшү керек.

    Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. 


    Тектеш материалды окуу