akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-05, 11:00

    Аймактарда окуучуларга финансылык сабаттуулук үйрөтүлүүдө

    13-майдан тарта Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустардагы орто кесиптик окуу жайлардын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлө баштады. 

    Семинардын максаты - окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүү, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүү болуп саналат. 

    Семинарлар Улуттук банк тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.