Жарыяланган
2024-03-04, 05:04Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун (45,73 гектар) жер тилкесин аукционго коет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.
Белгилеп кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млн 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.
Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек.
Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20% түзөт.