Жарыяланган
2024-09-05, 04:0016-майда саат 10:00дө Ш. Термечиков 1 дарегинде жайгашкан Ак-Кула ипподромунун мүлк комплекси аукционго коюлат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Турак эмес жайлардын аянты 1 миң 818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт.
Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.
Белгилеп кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.