akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-23-08, 05:21

    Акылбек Жапаров Түндүк-Түштүк жолунун курулушун текшерди

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

    Минкаб төргасына Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн тоннелди куруу иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

    Бул унаа жол тоннели көп функционалдуу тейлөөнү камтыйт. Комплекске тоннелди таза аба менен камсыздоо системасы, тоннелден унаа түтүнүн чыгаруу тутуму, желдетүүчү жабдыктар, вентиляциялык камера, жер астындагы трансформатордук көмөкчордон, өрт өчүрүүчү насостук станциялар, диспетчердик борборлор, ошондой эле кошумча эмеректерди жана электр жабдууларын жайгаштыруу үчүн көмөкчү бөлмөлөр кирет. Учурда бетонду төшөө иштери жүрүп жатат.

    Альтернативдик унаа жолунун негизги иштеринин бүткөрүлүшү 2024-жылдын декабрында күтүлүүдө.

    Акылбек Жапаров курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.