akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-05-07, 06:41

    Чүй облусунда кабель чыгарган завод ачылды

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан “Бек кабель” ЖЧКнын электр чубалгыларын (кабель) чыгарган заводунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

    Ал Кыргызстан буга чейин кабелди КМШ мамлекеттеринен импорттоп келгенин, мындан ары бул заводдун ишке кириши менен импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.

    “Кабелге болгон суроо-талап улам көбөйүп барат. Акыркы 2020-2023-жылдары кабель продукциясын импорттоо көлөмү көбөйгөн. Эми бул ишкана импорттун ордун толтуруу боюнча дагы бир кадам болуп саналат. Мага берген маалыматтар боюнча, ишкана продукциясын импорттолгон кабелдерге караганда арзан жасап чыгарат. Министрлер Кабинети ата-мекендик өндүрүштү ар тараптан колдоого дайым даяр”, - деди Акылбек Жапаров.

    Кабель чыгаруучу заводдун ачылышына мамлекеттик “Айыл Банк” ААК өнөктөш болуп, заводдун курулушу менен ишке киргизилишин каржылоо үчүн 4,7 млн доллар бөлгөн. Ал эми инвестициянын жалпы суммасы 6,5 млн доллар болгон.

    Адистердин белгилөөсүндө, кабель заводу 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластик иштете ала турган алдыңкы жабдуулар менен камсыздалган. Чыгарылган кабель жергиликтүү керектөөнү гана камсыздабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко чыгат.

    Заводдо азырынча 70ке жакын жергиликтүү тургун иш менен камсыз болгон, жумуш оруну дагы көбөйүшү мүмкүн.