akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-08, 11:40

    Чүйдө эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар заводдор ишке кирет

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишканалар 31-августка карата ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Белгиленгендей, өкмөт башчы Кемин районундагы клинкер өндүрүүчү заводго жана “Миронов” кенине барды. 

    “Биз ишканаларыбыздын ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп, заманбап технологияларды киргизип, продукциянын сапатын жогорулатууга тийишпиз. Чүй облусу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү картасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек”, – деди Акылбек Жапаров.

    Мындан тышкары Минкаб төрагасы “Куттуу-Сай” кенинин иши менен да таанышты.


    Тектеш материалды окуу