akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-03, 18:00

    Сокеев Суу ресурстары кызматынын директору кызматынан бошотулду

    Алмазбек Сокеев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору кызматынан бошотулду.

    Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

    Ал 21-февралда президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында өткөн өкмөттүн жыйынында эле кызматтан алынганы айтылган. Бирок Алмазбек Сокеев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын курамында болгондуктан чек ара маселеси чечилгенче иштеп турган.


    Тектеш материалды окуу