Жарыяланган
2025-09-04, 10:49Эми Жалал-Абад шаарында «Яндекс Go» тиркемеси аркылуу кафе-ресторандардан үйгө жана жумушка даяр тамактарды буйрутма менен алдырууга болот. Бул кызматка «Малик», «Атуш», «Сакана», «Кусок Пиццы» жана башка өнөктөштөр кошулган.
Тамак орточо 30 мүнөт ичинде жеткирилет. Бул кызматтын алгоритмдери тамакты болушунча тез жеткирүү үчүн курьерге тыгын болбогон, кыска жолдорду таап берет. Тиркемеден курьер каякка жеткенин карап турууга болот.
Бул саамалыкка карата Жалал-Абадда жаңы кардарлар үчүн биринчи буйрутма жасаганында, EDANEW промокоду боюнча 750 сомго (же андан кымбат) тамак алдырса, 450 сом арзандатуу берилет.
Акчаны тиркемедеги аккаунтка байланган банк картасы аркылуу төлөөгө болот. Буйрутма «Яндекс Go» тиркемесиндеги “Тамак-аш” бөлүмүндө жасалат.