akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Айыл өкмөт жетекчилигиники

    Жарыяланган

    2021-21-09, 07:30

    Араванда 12 млн сомго айыл өкмөттүн имараты курулду

    Ош облусундагы Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” айыл өкмөт жетекчилиги билдирди.

    Буга чейин аталган айыл өкмөттүн имараты болгон эмес. Айыл өкмөт кызматкерлери ижарага алынган мекемеде иштеп келишкен.

    Жаңы имараттын курулушуна 12 миллион сом жумшалган. Каражатты жеке ишкерлер берген. Ал эми курулушка жергиликтүү эл устачылык кылып жардам беришкен.

     


    Тектеш материалды окуу