Жарыяланган
2025-04-02, 10:27"Асман Банк" ААК лицензия алуу үчүн Улуттук банкка документтерди тапшырды. Бул тууралуу “Акчабарга” өлкөнүн башкы каржы мекемеси билдирди.
Тапшырылган документтер мыйзамда белгиленген талаптардын жана мөөнөттөрдүн алкагында каралаары көрсөтүлөт.
Эске салсак, жаңы чет элдик "Асман Банк" 2024-жылдын 4-июнунда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Тартипке ылайык, банкта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына документтерди тапшырууга алты ай убактысы болгон. Эми аларды карап чыгуу үчүн Улуттук банкта дагы алты мөөнөт бар.
“Асман Банк” чет элдик капиталдын катышуусу менен түзүлгөн. Банктын жалгыз негиздөөчүсү болуп Михаил Кузовлев эсептелет. Ачык булактарда ал орусиялык финансист, "Москва Банкынын" мурдагы жетекчиси болгону көрсөтүлөт. Ал эми банктын башкармалыгынын төрагалыгына буга чейин "Керемет Банкты" жана "Компаньон Банкын" жетектеп келген Эркин Жумабаев дайындалды.