akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-17-09, 13:57

    «Элдик Банк» жашыл продукцияны өнүктүрүү маселесин талкуулады

    13-сентябрда "Элдик Банк" ААК башкармалыгынын жылдык кеңейтилген отуруму өттү. Жыйында жыл башынан берки ишинин жыйынтыгы чыгарылып, банкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары жана пландары белгиленди.

    "Элдик Банк" Башкармасы аймактык бөлүмдөрдүн ишинин оң натыйжаларын белгиледи. Быйылкы жылы банктын финансылык көрсөткүчтөрү жогорку өсүштү көрсөтүүдө. Жыйында санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулду.

    Ошондой эле инвестиция тартуу, жашыл продукцияны өнүктүрүү, тейлөө сапатын жогорулатуу, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана башка маанилүү аспектилер талкууланды.


    Тектеш материалды окуу