akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-05, 07:25

    Азык-түлүккө баанын өсүшү басаңдады

    Апрель айында Кыргызстанда инфляция 5,2% деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери билдирди.

    Бир катар азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баанын төмөндөшү 2024-жылдын апрелинде азык-түлүккө болгон нарктын өсүшүнүн 1%га чейин басаңдашы менен байланыштуу.  

    2024-жылдын апрелинде Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баалар 1%га чейин арзандады. Мунун себеби азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баанын төмөндөшүнө байланыштуу. 

    Башка секторлордо инфляция 2024-жылдын апрель айынын аягында жогору бойдон калган, атап айтканда азык-түлүк эмес сегментте 9,6% жана кызмат көрсөтүү секторунда 8,9%. 

    “Бул динамика тамеки жана алкоголдук ичимдиктерге акциздик салыктардын жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы менен байланыштуу”, - деп белгилешет эксперттер.