akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Жалал-Абад мэриясы

    Жарыяланган

    2024-10-05, 06:22

    Кыргызстанда жумуртка импортун убактылуу чектөө сунушталды

    Кыргызстан өлкөгө тооктун жумурткасын ташып келүүгө убактылуу алты ай тыюу салууну каалайт. Тишелүү документ коомдук талкууга коюлду.

    Токтом долбоорунун максаты - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу. Ошондой эле, ички рыноктун иштешин, жазгы-жайкы жана жай-күз мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп эсептелет. 

    Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 90-100%га жеткен. Ал эми жай-күз мезгилинде республиканын чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн өсүшү байкалат. Ошол эле учурда бул мезгилде азык-түлүк коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өлкөгө алып келүү коркунучу күчөйт.